УКМК кызматкерлерине үй куруп берет. Ал үчүн 580 млн сомго тендер жарыяланды

УКМК алты тогуз кабаттуу үй куруу үчүн тендер жарыялады. Тендер тууралуу маалымат Мамлекеттик сатып алуулар порталында жарык көрдү.

Ага ылайык, турак жай курууга 580 млн 935 миң сом коротулат. Долбоор боюнча үйлөр Бишкектин Чыңгыз Айтматов көчөсүндө курулушу керек.

Мындан тышкары, документте 9 кабаттуу үйлөр социалдык, маданий жана турмуштук маанидеги объектилери менен кошо салынышы керек деп айтылат. Тендерден утуп чыккан компания үйлөрдүн курулушун толугу менен 2022-жылдын августунда өткөрүп берүүгө тийиш.