Бекешев фейктер тууралуу мыйзамды Конституцияга каршы келет деп табууну сунуштады

Депутат Дастан Бекешев «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамды Конституцияга каршы деп табуу үчүн Конституциялык сотко кайрылды. Бул тууралуу эл өкүлү Твиттер барагында жазды.

Бекешевдин айтымында, мыйзам Конституцияга каршы келет. Материал жарык көрөр алдында Конститукциялык соттун басма сөз кызматы «Клооптун» журналистине Бекешевден арыз кабыл алындыбы-жокпу айтышкан жок.

Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын августтунда «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» чуулгандуу мыйзамга кол койгон. Мыйзамга кол коюлганга чейин эле юристтер, укук коргоочулар жана жарандык коом документке каршы чыгышкан.

Алар өлкөнүн мыйзамдарында жарандарда жалган маалымат боюнча кандайдыр бир талаштуу жагдай жаралса, аны сотко кайрылуу менен чечүү процедуралары буга чейин эле бар экенин белгилешкен.

Документте каалаган жаран сайттарга же соцтүйүндөргө чыккан жалган же такталбаган маалымат боюнча мамлекеттик органдарга кайрыла алары каралган. Арыз берилгенден кийин маалымат өчүрүлбөсө, соттун чечимисиз эле маморгандар сайты же соцтүйүндөрдөгү баракчага чектөө коё алат.

Дагы окуңуз:  Минкаб «фейк» үчүн сайттарды жабууну сунуштады. Ал кандай иштерин чиновниктер өздөрү да билбейт

2022-жылдын февралында Министрлер кабинети жалган маалымат таратуунүн үстүнөн арыз келип түшкөндө сайттардын ишине бөгөт коюу боюнча алгоритм сунушталган токтомдун долбоорун жарыялаган.

Минкабдын долбоору сынга да кабылган. Байланыш операторлор ассоциациясынын директору Саламат Ормошев документте жазылганды аткаруу техникалык жактан мүмкүн эмес экенин айткан.

Ошондой эле ал токтомдун долбоору «Электр жана почта байланышы жөнүндөгү» мыйзамга каршы келерин кошумчалаган. Ага ылайык, байланыш операторлору сайтка кирүү мүмкүнчүлүгүн сот чечиминен кийин гана чектей алышат.