Иллюстрация (фрагмент): Татьяна Зеленская

Чиновниктер, юристтер, журналисттер жана укук коргоочулар 9-мартта минкабдын интернеттеги жалган маалыматка даттануу боюнча токтомдун долбооруна байланышкан тобокелдиктерди (фейк жөнүндөгү мыйзамга тиркеме) талкуулашты. Талкуунун урунттуу учурларын айтып беребиз.

Эмне болгон токтом?

Маданият министрлиги февралдын орто ченинде минкабдын интернеттеги жалган маалыматтар боюнча даттануу жөнүндөгү ченемдик укуктук актысынын долбоорун жарыялаган. Бул документ «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү» мызамдын иштешин толукташы керек.

Долбоордо ведомство сайттардын ишине жана баракчаларга интернет-провайдер аркылуу бөгөт коюуну сунуштаган.

Маалымкат-негиздемеде кайсы бир адам өзү тууралуу ачыкка чыккан маалыматты жалган деп эсептеген учурда көрүлө турган чаралардын алгоритми жазылган. Мындайда ал адамдын Санарип өнүктүрүү министрлигинин алдында түзүлө турган кызматка арыз менен кайрылуусу гана жетиштүү. Ал эми мамлекеттик орган соттун чечимисиз эле кайсыл бир сайттын ишмердүүлүгүн эки айга токтотууну талап кыла алат. Эгер сайттын ээси маалыматты өз эрки менен өчүрсө, ага сайтка кирүү мүмкүнчүлүгүн кайрадан калыбына келтирип беришет.

Укук коргоочулар жана журналисттер эмне дешти?

Юристтер, укук коргоочулар жана ЖМКлардын өкүлдөрү токтомдун долбоору «чийки» жана олуттуу толуктоолорго муктаж экенин билдиришти. Алардын пикиринде, минкабдын долбоорунда сөз эркиндигине жана мамлекет тарабынан кепилденген пикир айтуу укугуна таасир эте турган «Конституцияга каршы механизмдер» камтылган.

Алар документ Кыргызстан кабыл алган эл аралык милдеттенмелерге каршы келет деп баса белгилешти. Журналисттер да токтом башкача ой жүгүрткөндөргө каршы курал болуп, «иликтөөчү журналистиканы жок кылат» деп эсептешет.

Укук коргоочулар айткан тобокелдиктер тууралуу кеңири бул шилтемеден окуңуз.

Байланыш операторлор ассоциациясынын директору Саламат Ормошев да минкабдын долбоорунан күмөн санап жатат. Ал документ интернеттин кыргыз сигментине гана эмес, чет элдик сайттарга, анын ичинде Facebook, Twitter, ВКонтакте жана башка социалдык тармактарга да тиешелүү экенин байкаган.

Ормошевдин айтымында, операторлор бир гана кыргыз сайттарды бөгөттөй алат, ал эми соцтүйүн жана мессенджерлердеги кайсыл бир маалыматты өчүрүү же бөгөттөө ишин аталган ресурстардын өздөрү алып барат.

Мамлекеттик ведомстволордун өкүлдөрү эмне дешти?

Тегерек столго Маданият министрлигинин, Байланыш кызматынын жана Юстиция министрлигинин өкүлдөрү да келген. Алар документке толуктоолорду киргизүү керектигине макул болушту, бирок «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү» мыйзам кабыл алынып калганын, учурда мыйзам ишке кириши үчүн механиздер гана керектигин бир нече жолу белгилешти.

Ал эми Байланыш кызматынын өкүлү өз мекемесинде минкабдын аларга жүктөй турган ишин аткарууга ыйгарым укуктары да, компетенциясы да жоктугун айтты.

Документке ылайык, дал ушул кызматтын адистери кандай маалымат жарандын «ар-намыс, кадыр-барк жана ишкердик беделине доо кетире турганын» аныкташы керек.

Кандай чечимге келишти?

Мамлекеттик ведомстволордун кызматкерлери медиасектордун өкүлдөрү менен бирге долбоордун үстүндө иштешүүгө даярдыгын айтышты. Алар журналисттерди жана укук коргоочуларды документти жакшыртууга багытталган идеяларды сунуштоого чакырышты.

Ал эми журналисттер минкабдан токтом долбоорун толуктап иштеп чыгуу кайтарып берүүнү жана «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү» мыйзамына мыйзам актыларын иштеп чыгууну токтотууну суранышты. Алар минкабга «жарандарды анык эмес маалыматтардан коргоонун альтернативдүү механизмдерин» жакшыртуунун үстүнөн бирге иштешүүнү да сунушташты.

Фейк жөнүндөгү мыйзам

Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын августунда «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» чуулгандуу мыйзамга кол койгон. Мыйзамга кол коюлганга чейин эле юристтер, укук коргоочулар жана жарандык коом аны сынга алып, каршы чыккан.

Алар ошондой эле, мыйзамда укуктук механизмдер бар экенин, мындай талаштар жарандык арыз менен кайрылуу аркылуу сот тарабынан чечилерин айтышкан.

Мыйзам өзү экинчи аракеттен кийин гана кабыл алынган. 2020-жылы ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков «Маалыматты манипуляцилоо жөнүндөгү» мыйзам долбоорунун биринчи вариантын иштеп чыгууга кайра жөнөткөн.

Документти алтынчы чакырылыштын депутаттары Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова демилгелеген. Бирок Асылбаевага тиешелүү деп аталып калган. Себеби ал мыйзам долбоорун активдүү коргоп, сын айткан соцтармактын колдонуучуларын «фейктер жана троллдор» деп атаган.