Башпрокуратура «Унаа» ишканасы мамлекетке 7,8 млн сом зыян келтиргенин аныктады

Сүрөт: Башкы прокуратура

Башкы прокуратура «Унаа» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери мамлекетке 7,8 млн сом зыян келтиргенин аныктады. Бул тууралуу көзөмөл органдын басма сөз кызматы 30-мартта кабарлады.

Маалыматка ылайык, Транспорт прокуратурасы «Унаанын» кызмат адамдары «кошумча нарк салыгын төлөбөгөн жана бажы тарабынан чектөөлөр коюлган» Sigma Compact 200 мобилдик асфальт чыгаруучу заводун мыйзамсыз каттоодон өткөргөнүн аныкташты.

Факты боюнча «Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянттык менен пайдалануусу» беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Буга чейин прокуратура кызматкерлери «Кадастр» ишканасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы башкармалыгы 127 гектар айыл чарба багытындагы жерди мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүп салганын аныктаган. Жердин баасы 320 млн сомду түзгөн.

Прокуратура кылмыш ишин козгоп, жерди сот аркылуу мамлекеттин балансына кайтарып алган.