Кара-Сууда менчикке мыйзамсыз берилген 127 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Ош облусунун Кара-Суу районунда жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткен 127 гектар айыл чарба багытындагы жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Шарк айыл аймагынын Ачы массивиндеги мамлекетке караштуу жер 2016-жылы «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын жоопту кызматкерлери тарабынан жеке менчикке чыгарылган. Жердин жалпы наркы 320 миллион сомду түзөт .

Факты боюнча прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, сот органдарына жер тилкесине мыйзамсыз берилген укук күбөлөндүрүүчү жана укук тастыктоочу документтерди жараксыз деп табуу жөнүндө доо арыз келтирилген. Көзөмөл орган арызды соттун бардык инстанциялары канааттандырганын белгиледи.

Ал эми Кара-Суу райондук прокуратурасы тарабынан Шарк айыл өкмөтүнө прокурордук чара көрүү актысы келтирилип, жер тилкеси мамлекеттин карамагына кайтарылды.

Тема боюнча:

«Кадастрдын» Кара-Суу филиалы 24 млн сомдук жерди мыйзамсыз жеке менчикке каттаган

Кара-Сууда мыйзамсыз жер сатуу иши боюнча «Кадастрдын» дагы бир кызматкери кармалды

Кара-Суу: Айыл чарба жерлерин мыйзамсыз сатууга шектелип дагы бир адам кармалды

Кара-Суудагы жерлерди мыйзамсыз сатуу: УКМК «Кадастрдын» мурдагы жетекчисин кармады

Кара-Суу: Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы коррупцияга шектелип кармалды