Орусия «Донбассты бошотууга» көңүл бурат, сүйлөшүүлөрдө жылыш байкалды

Орусиянын 24-февралда башталган Украинага кол салуусу уланып жатат.

БУУнун 28-мартка карата маалыматына ылайык, Украинада бери эле дегенде 1179 жай тургун, анын ичинде 134 бала каза таап, 1860 адам жарадар болду. Уюмдагылар жоготуулар алда канча көптүгүн айтууда.

Ал эми БУУнун Качкындар иши боюнча Жогорку коммисарынын башкармалыгы Украинага кол салуу башталгандан бери өлкөдөн 3,9 млн адам чыгып кеткенин билдирди.

29-мартта Стамбулда кезектеги украин-орус сүйлөшүүлөрү өттү. Буга чейин ушундай эле сүйлөшүүлөр Беларуста өткөрүлгөн, бирок Украина сүйлөшүүлөр ал жакта болушуна каршы болгон, себеби өлкө Кремлди колдоп жатат. Сүйлөшүүлөр 7-мартта биринчи жолу видео байланыш аркылуу эмес, жеке форматта өткөн.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган сүйлөшүүлөрдө украин жана орус делегаттары менен: Сүрөт: Эрдогандын Facebook барагы

Сүйлөшүүлөрдө украин тарап Орусияга өзүнүн бейтарап макамы жана эл аралык коопсуздук кепилдиги тууралуу долбоорун өткөрүп берди. Анда Украина БУУнун Коопсуздук кеңешинин өлкөлөрүнө (Франция, АКШ, Улуу Британия, Кытай жана Орусия), ошондой эле Түркия, Германия, Канада, Италия, Польша жана Израиль мамлекеттерине кепил болуп берүүнү сунуштады. Бул тизмеге башка өлкөлөр да кошулушу мүмкүн.

Украина кепил болуучу өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн эффективдүү механизмин НАТОнун уставына окшош кылып жазууну сунуштоодо. Эгер Украинага каршы куралдуу агрессия башталса, кепил-өлкөлөр үч күн ичинде Украинага юридикалык жактан жардам берүүгө милдеттүү болот.

Украина эгер так жана бекем кепилдик ала турган болсо, өз аймагында башка өлкөлөрдүн аскер базасын орнотпогон, өзөктүк куралсыз бейтарап өлкө статусун алууга макулдугун берүүгө даяр. Бул кепилдик документ менен бекемделүүгө тийиш.

«ДЭР» жана «ЛЭР» тарабынан көзөмөлдөнгөн райондордун тагдыры менен макамы жөнүндө маселени Украина орус-украин президенттеринин жеке жолугушуусунда талкуулоону сунуштады. Ал эми аннексияланган Крым жана Севастополдун макамын Украина 15 күндүн ичинде талкуулоону сунуштап жатат, ошол эле кезде тараптар бул маселени куралдуу жол менен чечүүдөн баш тартышы керек.

Украина тараптан сүйлошүүлөргө катышкан Александр Чалый тынчтык келишимин түзгөнгө чейин Украина референдум өткөрүшү керектигин, анда жарандар келишимдин сунушталган вариантын колдоп же четке кагуусу зарыл экенин түшүндүрдү. Келишимге ок атуу толук токтогондон кийин кол коюлушу мүмкүн.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин орус делегациясынын башчысы Владимир Мединский сүйлөшүү «конструктивдүү» өткөнүн, Орусия Украинанын «келишимге киргизиле турган так-түшүнүктүү позициясын» алганын айтты. Анын айтымында, аталган позиция жакын арада орус президенти Владимир Путинге жеткирилет.

Ал Орусия Украинанын Европа биримдигине кошулуусуна каршы эместигин да кошумчалады.

Сүйлөшүүлөрдүн алгачкы жыйынтыктарынын бири Орусиянын Коргоо министрлиги Киев жана Чернигов багыттарында аскердик активдүүлүгүн «кескин түрдө, бир нече эсе» басаңдатууга макул экендиги тууралуу билдирүүсү болду.

Бирок Украина жана анын союздаштары орус тараптын билдирүүсүнө ишене бербейт. АКШнын мамкатчысы Энтони Блинкен билдиргендей, Орусиянын сөзү менен иши — эки башка нерсе, ага АКШ ишине карап баа берет.

Владимир Зеленский. Видеодон скриншот.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин Украинанын президенти Владимир Зеленский украиналыктар сегиз жылдан бери уланып жаткан согушта «конкреттүү гана натыйжаларга ишенүүгө болорун үйрөнгөнүн» белгиледи.

«Сүйлөшүү аянтчасынан угуп жаткан сигналдарга оң баа беребиз. Бирок ал сигналдар орус снаряддарынын жарылууларын токтоткон жок. Албетте биз бардык тобокелдиктерди көрүп жатабыз. Албетте, биз бизди жок кылуу үчүн согушун улантып жаткан мамлекеттин тигил же бул өкүлдөрүнүн оозунан чыгып жаткан сөздөргө ишенүүгө негизди көргөн жокпуз. Украиналыктар — ишенчек адамдар эмес», — деп келтирет «Медуза» украин президентинин айткандарын.

Ошол эле учурда Зеленский Украина сүйлөшүүлөргө көңүл буруп, аларды уланта берерин, бирок өлкөнүн суверенитети жана аймактык бүтүндүгү жаатында эч кандай компромисске барбасын белгиледи.

Орусиянын Коргоо министри Сергей Шойгу 29-мартта эми Украинадагы орус аскерлери Донбассты «бошотууну» максат кыларын билдирди. Ал «жалпысынан операциянын биринчи этабында коюлган милдеттер аткарылды» деп айтты.

Евросоюз, «чоң жетиликтин» (G7) артынан эле Орусиянын жаратылыш газын рубль менен сатып алуу талабынан баш тартты. Эми Европа Биримдиги орус газынын ыктымалдуу токтотулушуна даярданып жатат. Жаратылыш газын рубль менен сатып алуу мүмкүн эместигин Франциянын президенти Эммануэль Макрон орус президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө дагы айткан.

Өзөктүк энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) Украинадагы согуш «өзөктүк электростанцияларды жана башка объектилерди радиоактивдүү материалдар менен болуп көрбөгөндөй коркунучка кептеп жатканын» билдирди.