ССМ: Жети жеке медициналык окуу жайдын №6 формасы чакыртып алынды

Саламаттык сактоо министрлиги жети жеке менчик университеттин *№6 формасын чакыртып алды. Бул тууралуу ведомствонун басма-сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, №6 формасын чакыртып алуу чечими 17 жеке менчик университеттин клиникалык базасы текшерилгенден кийин кабыл алынган.

*№6 формасы — бул билим берүүчүлүк ишмердикти лицензиялоодо зарыл болгон документ экенин түшүндүргөн. Бул форма Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан берилет. Ал окуу жайдын клиникалык базасы жана медициналык багыттагы жабдуулары бар дегенди түшүндүрөт.

Жыйынтыгында төмөнкү университеттердин №6 формасы чакыртып алынды:

  • Ош Эл аралык медициналык университети
  • Кыргыз медициналык стоматологиялык институту;
  • «Роэль Метрополитен Университет»;
  • «Авиценна» Эл аралык медициналык институту;
  • ЖЧК «АВС» Академия;
  • «Бишкек эл аралык медициналык институту» мекемеси;
  • Эл аралык илим жана медицина университети;

Жалпысынан министрлик 17 окуу жайды текшерген. Саламаттык сактоо министрлик чечимди Билим берүү министрлигине өткөрүп берет.

Буга чейин дагы Саламаттык сактоо министрлиги жеке менчик университеттердин №6 формасын кайтарып алган. Анда 12 окуу жайдын №6 формасы чакыртып алынган. «Азаттык» окуу жайдын №6 формасын кайтарып алуу лицензиядан ажыратуу дегенди эле билдирерин жазган.

Өткөн жылдын ноябрында минкаб «медициналык кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатуу максатында» жогорку медициналык билим берүү программасы боюнча лицензия берүүнү убактылуу токтоткон. Мораторий 2023-жылдын 1-январына чейин күчүндө болот.