ССМ: 12 жеке менчик медициналык окуу жайдын №6 формасы кайтарып алынат

Саламаттык сактоо министрлиги 12 жеке менчик медициналык окуу жайдын №6 формасын кайтарып алат. Бул тууралуу 25-февралда ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин Билим берүү министрлиги «Клоопко» №6 формасы — бул билим берүүчүлүк ишмердикти лицензиялоодо зарыл болгон документ экенин түшүндүргөн. Бул форма Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан берилет. Ал окуу жайдын клиникалык базасы жана медициналык багыттагы жабдуулары бар дегенди түшүндүрөт.

«Азаттык» окуу жайдын №6 формасын кайтарып алуу лицензиядан ажыратуу дегенди эле билдирерин жазат. Билим берүү министрлиги азырынча бул тема боюнча билдирүү жасай элек.

Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсүндө 12 окуу жайдын №6 формасын кайтарып алууну министр Алымкадыр Бейшеналиев тапшырганы айтылат. Ал ведомствонун эксперттик комиссиясы окуу жайлар тиешелүү стандарттарга жооп бербей турганын аныктагандан кийин ушул тапшырманы берген:

№6 фомасынан төмөнкү окуу жайлар ажырайт:

1. АДАМ Университети (БФЭА);

2. «Кыргызстан эл аралык универитети» УНПК;

3. «Авиценна» Эл аралык медициналык институту;

4. Эл аралык медициналык университети;

5. «Роэль Метрополитен Университет»;

6. ЖЧК «АВС» Академия;

7. Эл аралык илим жана медицина университети;

8. Илим жана бизнес эл аралык университети

9. «Бишкек эл аралык медициналык институту» мекемеси;

10. Илимий-изилдөө медициналык-социалдык институту;

11.Кыргыз медициналык стоматологиялык институту;

12. Ош Эл аралык медициналык университети

Буга чейин Бейшеналиев 17 жеке менчик медициналык окуу жайды жаба турганын айткан. Анын айтымында, учурда мындай медициналык окуу жайларда билим берүү «бизнеске айланып калган», мындан улам окутуунун сапаты «начарлап» жатат.

Саламаттык сактоо министрлигинен 25-февралда калган 5 жеке менчик медициналык окуу жайда ведомствонун комиссиясы алардын клиникалык базаларынын колдонулушун текшерерин билдиришти. Текшерүү 2022-жылдын 15-мартына чейин жүргүзүлөт.

«Ошондой эле, республикадагы медициналык коллеждерде да текшерүүлөрдү өткөрүү пландалып жатканын белгилеп кетишим керек», — деген Бейшеналиев.

Өткөн жылдын ноябрында минкаб «медициналык кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатуу максатында» жогорку медициналык билим берүү программасы боюнча лицензия берүүнү убактылуу токтоткон. Мораторий 2023-жылдын 1-январына чейин күчүндө болот.

ТЕМА БОЮНЧА:

Тизме: Министр Бейшеналиев жабылат деген 17 медициналык окуу жай белгилүү болду

Бейшеналиев 17 медициналык окуу жай жабыларын айтты. Бирок ССМдин андай укугу жок