Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү алмашты

4-апрелде президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишев башка ишке өткөнүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду. Тентишев мындан ары президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси болот.

Ал эми өлкө башчысынын Чүй облусундагы өкүлү болуп Нурил Алымбаев дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.

Нурил Алымбаевди жамаатка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тааныштырды. Жапаров аны жамаатка тааныштырып жатып, инвестиция тартуу жана жаңы өндүрүштөрдү түзүү боюнча чечкиндүү кадамдарды жасоону тапшырды.

«Учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына коюлган милдеттерди аткаруусу үчүн бардык ыйгарым укуктар берилген. Жарандардын ар бир кайрылуусу көңүл сыртында калбашы керек. Кандай гана маселе болбосун ыкчам жана так чечилиши тийиш. Чүй облусунун жетекчилиги токтоп турган өндүрүш ишканаларынын ишин жандандыруу, облуста 18 кичи ГЭСти куруу долбоорун ишке ашырууга көмөк көрсөтүү маселелерине өзгөчө көңүл буруусу зарыл», — деди Жапаров.

Нурил Алымбаев өткөн жылдын 7-июнь айынан бери Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп иштеп келген. Ага чейин ал Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, кийин Жайыл районунун акиминин биринчи орун басары кызматын аркалап, өнөр жай тармагын жетектеген.

Тентишевдун чуу ээрчиткен медициналык окуу жайы

Эркин Тентишев президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп өткөн жылдын март айында дайындалган.

Ал 1962-жылы Бишкек шаарында туулган. 1979-1986-жылдары Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук агрардык университетинен билим алган.

Эркин Тентишев 2004-жылы атасы Саткынбай Тентишевдин атындагы Азия медициналык институтун негиздеген. Окуу жайда 1,5 миңге жакын студент билим алат. Алардын көпчүлүк бөлүгүн Индиядан жана Пакистандан келген студенттер түзөт.

2014-жылы Билим берүү жана илим министрлиги «институтта окутуунун сапаты төмөн» деген негизде анын лицензиясын алып салган. Ошол жылы окуу жайдын чет өлкөлүк бүтүрүүчүлөрүнө диплом бериш керек болчу, бирок диплом ала албай калган чет өлкөлүк 58 студент нааразылык акциясына чыгышкан. Азия медициналык институтту ошол эле жылы сот аркылуу лицензиясын кайтарып алган.

Ал эми 2014-жылы бул медициналык окуу жайдын айрым студенттери анын жабылышын талап кылышкан. Алар билим алуунун баасы 2,5 миң доллар экенин, бирок окуу сапаты төмөн, эч кандай шарттар жок экенин айтып чыккан.

«24.kg» 2021-жылы январда болгон президенттик шайлоо өнөктүгү маалында институттун аймагында талапкер Садыр Жапаровду колдоо үчүн үгүт иштери жүргүзүлгөнүн жазып чыккан.

Азия медициналык институттун өкүлү бул иш-чараны уюштуруу «Ысык-Ата, Кант жаштар ынтымагы» жаштар кыймылы менен университеттин административдик директору тарабынан макулдашылганы менен, үгүт иштери жүргүзүлө тургандыгы жөнүндө айтылбаганын белгилеген.

Анда окуу жайдын өкүлдөрү жана студенттери аралыктан окушкандыктан, иш-чарага катышпаганын билдирген. Жыйынтыгында БШК материалдарды карап, окуу жайдын ректору Эркин Тентишевду жоопко тартуу үчүн тийиштүү жактарга кайрылган.

2018-жылы Эркин Тентишев ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен «Даңк» медалын алган.