Начар билим берүүгө айыпталган жеке менчик окуу жайдын ээси Тентишев Чүйдү жетектейт

Эркин Тентишев өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.

Ал «Ордо» саясий партиясынын лидери Мирбек Мияровдун ордуна келди.

Тентишев 1962-жылы Бишкек шаарында туулган. 1979-1986-жылдары Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук агрардык университетинен билим алган. Андан кийин Кыргызстандын Эл Аралык университетинде жана Кыргыз дипломатиялык академиясында билимин тереңдеткен.

«Дубликат» талапкер

Тентишев буга чейин 2015-жылы парламенттик шайлоодо «Кыргызстан» жана «Ар-Намыс» партияларынын тизмесине киргени аныкталып, эки партия тең шайлоодон четтеп калуу коркунучуна кептелген. Ал түзүлгөн кырдаал боюнча түшүндүрмө берип, «Ар-Намыс» партиясынын тизмесине кантип кирип калганын билбей турганын, алар менен шайлоого аттануу ою дагы болбогонун айткан.

«Чынында мен көп сунуштарды карадым, жыйынтыгында “Кыргызстанды” тандадым. Ал эми “Ар-Намыска” кантип кирип калганымды билбейм. Алардын штабына барган эмесмин, чогулуштарына катышкан эмесмин», — деген ал.

Бирок ошол учурдагы «Ар-Намыстын» талапкери Өмүрбек Абдрахмановдун айтымында Тентишев партия лидери Феликс Кулов менен жолугуп, 1 миң доллар төлөп кеткен. Кийин бул сумманы 250 эсе жогорулатам деп сөз да берген.

Чуу ээрчиткен медициналык окуу жай

Эркин Тентишев 2004-жылы атасы Саткынбай Тентишевдин атындагы Азия медициналык институтун негиздеген. Окуу жайда 1,5 миңге жакын студент билим алат. Алардын көпчүлүк бөлүгүн Индиядан жана Пакистандан келген студенттер түзөт.

2014-жылы Билим берүү жана илим министрлиги «институтта окутуунун сапаты төмөн» деген негизде анын лицензиясын алып салган. Ошол жылы окуу жайдын чет өлкөлүк бүтүрүүчүлөрүнө диплом бериш керек болчу, бирок диплом ала албай калган чет өлкөлүк 58 студент нааразылык акциясына чыгышкан.

Азия медициналык институтту ошол эле жылы сот аркылуу лицензиясын кайтарып алган.

Ал эми 2014-жылы бул медициналык окуу жайдын айрым студенттери анын жабылышын талап кылышкан. Алар билим алуунун баасы 2,5 миң доллар экенин, бирок окуу сапаты төмөн, эч кандай шарттар жок экенин айтып чыккан.

«24.kg» 2021-жылы январда болгон президенттик шайлоо өнөктүгү маалында институттун аймагында талапкер Садыр Жапаровду колдоо үчүн үгүт иштери жүргүзүлгөнүн жазып чыккан.

Азия медициналык институттун өкүлү бул иш-чараны уюштуруу «Ысык-Ата, Кант жаштар ынтымагы» жаштар кыймылы менен университеттин административдик директору тарабынан макулдашылганы менен, үгүт иштери жүргүзүлө тургандыгы жөнүндө айтылбаганын белгилеген.

Анда окуу жайдын өкүлдөрү жана студенттери аралыктан окушкандыктан, иш-чарага катышпаганын билдирген. Жыйынтыгында БШК материалдарды карап, окуу жайдын ректору Эркин Тентишевду жоопко тартуу үчүн тийиштүү жактарга кайрылган.

2018-жылы Эркин Тентишев ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен «Даңк» медалын алган.