Садыр Жапаров чет элдик IT-адистерди жөнөкөй тартипте каттоого тургузууну сунуштады

Президент Садыр Жапаров минкабга чет элдик IT адистерди жөнөкөй тартипте каттоого алууну тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жапаров «санарип көчмөндөр» үчүн жагымдуу шарттарды түзүү тууралуу тескемеге кол койду.

«Тескеменин максаты — Кыргызстанда маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө иштеген заманбап, чыгармачыл жана жогорку квалификациялуу адистерди, инвесторлорду жана ишкерлерди тартуу, жаңы ишканаларды ачуу, инновациялык долбоорлорду жана экономиканын жогорку технологиялык тармактарын өнүктүрүү болуп саналат», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Мындан тышкары, президент минкабга чет өлкөлүк жарандардын жумушка орношуу процедурасын жөнөкөйлөтүүнү, чет өлкөлүктөргө консультация берүү боюнча бирдиктүү веб-протал, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө чет өлкөлүк компанияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселесин иштеп чыгуунуну тапшырган.

Орусиядан келген мигранттар

Украинада согуш токтой элек — 24-февралда өлкө аймагына орус аскерлери кол салган. БУУнун маалыматына ылайык, бул аралыкта Украинадан 2 миллиондон ашык адам чыгып кеткен — алар жакынкы европа өлкөлөрүнө качууга аргасыз болгон.

Ал арада согуштан жана салынган экономикалык санкциялардан улам орус жарандары да Орусиядан чыгып кетип жатат. Алардын өлкөдөн кетүү чечимине эл аралык коомчулук тарабынан Орусияга салынып жаткан сакциялар эле эмес, орус бийлигинин чектөөлөрү да таасир этүүдө. Орусиялыктар учурда Түркия жана КМШ өлкөлөрүнө көп чыгып кетишүүдө.

Тема боюнча окуңуз: «Кийим-кечени чогултканга гана үлгүрдүк». Эмне үчүн орус жарандары Кыргызстанга келип жатат?