Суроо-талап психологиялык фактордон келип чыккан. УБ доллардын куну эмнеге өскөнүн түшүндүрдү

Өлкөдө акыркы бир нече күндө доллардын наркы кайрадан көтөрүлдү. Сутка ичинде, 6-апрелге караган күнү эле 5 сомго кымбаттады.

Улуттук банктан апрелдин башынан тартып доллардын куну сомго карата кымбаттаганын тастыктады.

Башкы банктан доллардын кымбатташын чет өлкө валютасына болгон суроо-талап сунушка караганда жогору болуп жатканы менен түшүндүрүштү. Ал жактан бул суроо-талап көбүнесе психологиялык факторлордон жана рыноктун катышуучуларынын күтүүлөрүнөн улам келип чыкканын айтышууда. Улуттук банк Кыргызстанда алмашуу курсу өзгөрүлмө экенин дагы эске салды.

Жалпысынан, Улуттук банктын маалыматына ылайык, доллардын сомго карата расмий курсу апрелдин башынан бери 1,06%га — 84,8 сомдон 85,7 сомго чейин жогорулаган. Бирок valuta.kg порталынын маалыматы боюнча, доллар Моссоветтеги айрым акча алмаштыруучу жайларда 93-94 сомдон сатып алынып, 94-95 сомдон сатылууда.

valuta.kg порталынан скриншот

Улуттук банктагылар валюта рыногундагы жагдайга көз салып жатышканын, зарылчылык жаралалса алмашуу курсунун кескин термелүүсүн текшилөө чараларын көрүлөт деп белгилешти. Бул чараларга валюталык интервенция кирет, мында Башкы банк долларларды сатат. Жыл башынан бери Улуттук банк беш ирет интервенция жасап, 284,30 млн доллар саткан. Ошондой эле Улутук банк доллардын курсу 79-80 сом болуп турган учурда эки жолу, жалпы суммасы 19,90 млн долларга долларларды сатып алган.

Доллардын термелүүсү

Февралдын аягында доллардын куну рублга карата кескин өсө баштаган. Мындай кырдаал 24-февралда орус аскерлери Украинага кол салгандан кийин түзүлгөн. Андан кийин эле көпчүлүк батыш өлкөлөрү Орусияга каршы олуттуу экономикалык жана технологиялык санкцияларды киргизген.

Валюта рыногуна биринчи кезекте санкциялар таасир эткен. Орусия Украинага кол салгандан бир нече саат өткөндөн кийин эле рубль кескин арзандап, тарыхтагы эң төмөнкү көрсөткүчүн бир нече жолу жаңылаган. Рублдун артынан Кыргызстандын улуттук валютасынын курсу да түшүп кеткен.

Үч аптанын ичинде доллардын куну 84 сомдон 106 сомго чейин көтөрүлгөн. Бирок марттын экинчи жарымында доллар кескин төмөндөй баштаган. Алсак, 1-апрелде доллардын сатып алуунун орточо баасы 79,3 сомду, ал эми сатуу баасы 81,3 сомду түзгөн. Акыркы күндөрү доллардын курсу кайрадан жогорулай баштады.

Башкы беттеги сүрөт: Гүлжан Турдубаева / «Азаттык»

Тема боюнча:  Доллар эмне себептен өсүүдө, баалар дагы кымбаттайбы, бийлик чара көрөбү? Түшүндүрүп беребиз

Улуттук банк эки ирет интервенция жүргүзүп, рыноктон дээрлик 20 млн доллар сатып алды