Улуттук банк эки ирет интервенция жүргүзүп, рыноктон дээрлик 20 млн доллар сатып алды

Улуттук банк 30-31-мартта доллар сатып алуу боюнча эки ирет интервенция жүргүздү.

Биринчисинде башкы банк рыноктон 5,4 млн доллар сатып алган. Анда Улуттук банк интервенция «алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн жеңилдетүү максатында» жүргүзүлгөнүн түшүндүргөн.

31-мартта башкы банк 14,5 млн доллар сатып алган. Алардын ичинден 6,8 млн долларды ошол эле күнү, ал эми 7,7 млн доллар башка күнү сатып алган. Economist.kg басылмасы Улуттук банк чет элдик валютаны 2018-жылдын февралынан бери биринчи жолу сатып алганын, анда доллардын куну 68,2 сом турган деп билдирди.

Доллар өсүп, кайра түшө баштады

Февралдын аягында доллардын куну рублга карата кескин өсө баштаган. Мындай кырдаал 24-февралда орус аскерлери Украинага кол салгандан кийин түзүлгөн. Андан кийин эле көпчүлүк батыш өлкөлөрү Орусияга каршы олуттуу экономикалык жана технологиялык санкцияларды киргизген.

Валюта рыногуна биринчи кезекте санкциялар таасир эткен. Орусия Украинага кол салгандан бир нече саат өткөндөн кийин эле рубль кескин арзандап, тарыхтагы эң төмөнкү көрсөткүчүн бир нече жолу жаңылаган. Рублдун артынан Кыргызстандын улуттук валютасынын курсу да түшүп кеткен.

Үч аптанын ичинде доллардын куну 84 сомдон 106 сомго чейин көтөрүлгөн. Бирок марттын экинчи жарымында доллар кескин төмөндөй баштаган. Алсак, 1-апрелдин саат 12:00нө карата Бишкекте доллардын сатып алуунун орточо баасы 79,3 сомду, ал эми сатуу баасы 81,3 сомду түздү. Улуттук банктын расмий маалыматына караганда, учурда доллардын расмий наркы 82,4 сом.

Valuta.kg порталынан скриншот

Улуттук банктан чет элдик валютанын наркы доллардын сунушу суроо-талаптан жогору болуп кеткендиктен арзандады деп түшүндүрүштү. Ошондой эле башкы банк доллардын наркынын төмөндөшүнө Кыргызстандын соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрүнүн улуттук валюталары долларга карата бекемделгени таасир тийгизгенин айтышты.