Бишкекте кызды өлтүрө коюп кеткен айдоочу убактылуу кармоо жайына киргизилди

Милиция мас абалда 26-жаштагы кызды өлтүрө коюп кеткен айдоочуну убактылуу кармоочу жайга киргизди. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Милиция факт «Жол кыймылынын жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу» беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын кошумчалады.

Окуя 7-апрель күнү эртең мененки саат 08:45 чамасында болгон. Анда Subaru Forester’дин айдочусу Киев жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде жолдон өтүп бараткан кызды коюп кеткен. Кыз оор абалда Улуттук госпиалдын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, андан соң көз жумган.

ШИИБдин маалыматына ылайык, ага чейин «Субару-Форестерди» башкарган айдоочу «Опель-Астра» унаасы менен кагышып, окуя болгон жерден качып кетүүгө аракет кылган.

Тема боюнча окуңуз: Бишкекте мас айдоочу коюп кеткен кыз каза тапты