Бишкекте мас айдоочу коюп кеткен кыз каза тапты

Бишкек шаарында мас айдоочу коюп кеткен кыз ооруканада каза болду. Буга чейин анын абалы оор экени айтылган.

Шектүү. Сүрөт: Жол кайгуул кызматынын басма сөз кызматы.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, окуя 7-апрель эртең мененки саат 08:45 чамасында болгон.

Анда «Субару-Форестер» унаасын башкарган айдоочу Чүй жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинен «Опель-Астра» унаасы менен кагышкан.

«Айдоочу кырсык болгон жерден качып бара жатып Киев көчөсүндө жөө өтмөктөн өтүп бараткан 25-30 жаштардагы кызды коюп кеткен. Андан ары Бөкөнбаев менен Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинен жолдун жээгиндеги электр мамысын сүзүп токтогон», — деп айтылат маалыматта.

Жабыркаган жөө жүргүнчү оор абалда Улуттук госпиалдын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Алдын ала маалыматка караганда, маркум 26 жашта болгон.

Ал эми шектүү — 27 жаштагы Бишкектин тургуну. Учурда унаа айып короого киргизилип, тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө башталды.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Ош ШИИБдин кайгуул кызматы Ош шаарында жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкеден өтүп бараткан кызды коюп кетип, окуя болгон жерден изин жашырган айдоочу табылганын кабарлаган.

Маалыматка ылайык, окуя 27-январда саат 15:45те Рыспай Абдыкадыров көчөсүндө болгон. Анда жөө өтмөктөн өтүп бараткан жүргүнчүнү Daewoo matiz үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу коюп кеткен.