Президент Жапаров жер басып алууга каршы жарлыкка кол койду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров «Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Президенттин расмий сайтында жарыяланган жарлыкта акыркы жылдары өлкө мыйзамдарын бузуу менен участокторду, айыл чарба багытындагы жерлерди жеке турак жай куруу үчүн өзүм билемдик менен ээлеп алган, өзүнө тиешелүү аймакты кеңейтип алган учурлар көп кездешип жатканы белгиленген.

Мындан улам жергиликтүү бийлик, укук коргоо жана жер жана суу мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча көзөмөлдөө органдарына тапшырмалар берилди.

Ага ылайык, жерлерди басып алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча комплекстүү чаралар иштелип чыгып, кабыл алынууга тийиш.

Ал эми жарандар арасында мыйзамсыз аракеттер үчүн жарандык, административдик жана кылмыш-жаза жоопкерчилиги жөнүндө такай түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Аны менен катар, жер участокторунун чектерин белгилөө боюнча жеринде кадастрдык иштерди жүргүзүлүп, айыл чарба багытындагы жерлерди сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланууга көзөмөл күчөтүлөт.

Президенттин жарлыгында ИИМ мыйзам бузгандарга чара көрөт жана жарандар арасында профилактикалык иштерди активдештирет деп айтылса Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамагенттиги бекитилип берилген жер участогун өзүм билемдик менен кеңейтип алган фактыларды Укук бузуулар жөнүндө кодекске жана Жарандык кодекске ылайык ыкчам карай турганы белгиленген.

Жер мунапысын жөнгө салуу мыйзамы

Буга чейин 5-апрелде президент «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамга кол койгон. Ал мурда мыйзамсыз курулган жер участокторун мыйзамдаштыруунун тартиптери менен шарттарын аныктайт.

Мыйзам долбоорунун максаты, мыйзамсыз турак-үйлөр салынып кеткен айыл чарба багытындагы жер тилкелерин жеке менчикке берүү маселесин чечүү болгон.

Маалымкат-негиздемеде мыйзам долбоорунун авторлору республика боюнча мыйзамсыз курулган участокторду мыйзамдаштыруу боюнча бир жолку акция өткөрүүнү сунушташканы айтылган:

Алдын ала маалыматтарга караганда, жер мунапысы 100 000 жаранга тийиштүү болушу мүмкүн.