Австриянын канцлери Путинге жолугат, Украина облустарды калыбына келтирүүгө 34 млн доллар бөлдү

Украинада орус аскерлеринин 24-февралда башталган толук алкактагы кол салуусу токтой элек.

Австриянын канцлери Карл Нехаммер 11-апрелде Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Москвага келет. Маалыматты орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бышыктады.

Канцлердин Москвага сапары Евробиримдиктин лидеринин орус аскерлери Украинага кол салгандан бери Орусияга жасаган алгачкы сапары болмокчу. Бул Путин менен Нехаммердин биринчи жолугушуусу болот, буга чейин алардын ортосунда жолугушуу же телефондук сүйлөшүүсү болгон эмес.

Буга чейин 9-апрелде канцлер Киевге барып, украин президенти Владимир Зеленский менен жолугушкан. Euronews басылмасынын маалыматына ылайык, Нехаммер орус аскерлеринин аракеттерин айыптап, «эл аралык уюмдарды аскердик кылмыштарды иликтөөгө» чакырган.

Нехаммер Киевден алыс эмес Буча шаарына да барган. Мурдараак The New York Times’тын журналисттери Бучада орус аскерлери кете электе жай тургундар өлтүрүлгөнүн билдиришкен.

«Буча — аскердик кылмыш көп болгон жер, ошондуктан БУУ юстициянын эл аралык системасы иштеп башташы үчүн бул кылмыштарды иликтеши керек», — деп келтирет Euronews канцлердин сөздөрүн.

Эл аралык трибунал

Украинанын юстиция министри Денис Малюська орус аскерлери жасаган кылмыштарды иликтөө үчүн 42 өлкө Эл аралык Гаага сотуна кайрылганын билдирди.

Анын айтымында, өлкөлөрдүн кайрылуулары Украина үчүн процедураны жеңилдетип жана тездетүүгө мүмкүндүк ачкан.

«Алар дагы дасыккан эксперттерин берип, бул чоң көлөмдөгү ишти бүткөрүүгө жардам берет деген ишеним бар. Азыркы тапта алар тараптан жасалган жана буйрукту аткарган ар бир орус аскерин жекече жоопкерчиликке тартуу боюнча атайын база чогултулуп жатат», — деп билдирди министр.

Юстиция министрлигинин башчысы иликтөөнүн жыйынтыгы тез чыгат деп күтүүгө болбостугун, себеби Орусия өз аскерлерин бербейт деп кошумчалады. Бирок чиновник орус аскерлери сот жообуна тартылаарына ишенет, себеби «мындай кылмыштардын эскирүү мөөнөтү болбойт».

Боордоштор көрүстөнү

ВВС басылмасынын журналисттери орус аскерлери көзөмөлдөгөн Киевге жакын Бузов айылынан боордоштордун көрүстөнү табылганын билдиришти. ЖМКнын маалыматы боюнча, көрүстөндөн эң аз дегенде эки адамдын сөөгү чыгарылган.

Дмитриевск жамаатынын башчысы Тарас Дидич «Настоящее время» басылмасына адамдардын сөөктөрү Киев-Святошинск районуна караштуу Мила жана Мечта айылдарынын ортосундагы май куюучу бекеттердин жанына көмүлгөнун билдирди. Ал өлтүрүлгөн адамдардын так саны такталып жатканын кошумчалады.

Ушундай эле көрүстөндөр орус аскерлеринин көзөмөлүндө болгон Буча шаарында дагы табылган. «Медуза» басылмасынын маалыматына ылайык, Бучадагы боордоштор көрүстөнүнөн 67 сөөк чыгарылган, алардын ичинен 40 адам жай тургундар болгон.

Боордоштор көрүстөнү Киев облусунун Мотыжин айылында да табылган, ал жерде дагы, журналисттердин маалыматы боюнча, өлтүрүлгөн жай тургундардын сөөктөрү болгон.

Экономиканын төмөндөшү

Дүйнөлүк банк согуштан улам 2022-жылы Украинанын ИДПсы 45%га, Орусиянын ИДПсы 11%га төмөндөшү мүмкүн деп божомолдоду.

Мындан тышкары, банктын маалыматы боюнча, согуштан улам Борбор Азия мамлекеттеринин экономикасы да жабыркайт.

«Согуш менен шартталган гуманитардык кризис алгачкы глобалдык сокку толкундарынын эң эле айкын көрүнүшү болуп калды жана ал, балким, жаңжалдын эң эле туруктуу кесепеттеринин бири болуп кала бериши ыктымал. Украинадан чыккан качкындардын коңшу өлкөлөргө толкуну буга чейинки кризистерди басып өтөрү күтүлүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Өкмөттүн Жогорку рададагы өкүлү Тарас Мельчуктун билдиришинче, Украина Орусияга каршы соода эмбаргосун киргизип, бул өлкөдөн өз бажы аймагына товарларды киргизүүгө тыюу салды.

Украинанын биринчи вице-премьер-министри Юлия Свириденко киргизилген эмбаргодон улам орус экономикасы жыл сайын 6 млрд долларга чукул акчадан куржалак каларын билдирди.

Орус аскерлеринин дислокациясы

Украинанын Башкы штабынын маалыматына ылайык, орус аскерлери өздөрүнүн тактикалык топторун Чыгыш жана Борбордук аскер округдарынан Украина менен чектеш Белгород, Воронеж жана Курск облустарынын аймактарына жылдырып жатат.

Ошондой эле алардын маалыматына ылайык, Харьков дагы деле жарым-жартылай бутада турат, Башкы штаб бул шаарда согуштук аракеттер жанданышы мүмкүндүгүн четке какпайт.

Украиналык басылмалар өкмөт орус аскерлеринен бошотулган Киев, Чернигов, Сумск жана Житомирск облустарын калыбына келтирүү үчүн 34 млн доллар бөлгөнүн жазышты.

Каражат инженердик тармакты, жылуулук системасын, газ, суу жана электр энергиясын калыбына келтирүүгө багытталат.

Ал арада Орусиянын Курск облусунда бийлиги украин тараптан чагымчылдык болушу ыктымалдуулугунан улам жогорку деңгээлдеги коркунуч жарыялоону чечти. Бул облус Украинанын Сумск облусу менен чектешет.

ТАСС агенттигинин маалыматына ылайык, Курск облусунда 9-апрелде чек ара постуна миномёттук аткылоо болгон. Орус бийлигинин версиясы боюнча, аткылоо украин тараптан келген.

Согуштун курмандыктары

БУУнун маалыматына ылайык, 24-февралдан 9-апрелге чейин жарандык калктын арасында жоготуулар 4 232 түзгөн: 1 793ү каза тапкан, анын ичинде 142 бала бар. Согушта 2 439 киши жарадар болгон, алардын 299у балдар.

Ошондой эле БУУнун маалыматына караганда, орус аскерлеринин толук алкактагы кол салуусу башталгандан бери Украинадан 4,5 млн адам чыгып кеткен. Качкындардын көпчүлүк бөлүгү Польша, Румыния жана Венгрияга качкан.

Орусиянын бийлиги Украинага толук алкакта кол салгандан бери канча аскери каза болгону тууралуу болгону эки ирет маалымат берген. Орусиянын Башкы штабынын маалыматтарына ылайык, согуш башталгандан бери 1 351 аскер кызматкери каза таап, 3 825 аскер жарадар болгон.