Путин согуш тууралуу, Бучада аялдарды зордуктоо, туткундагыларды алмашуу сунушу

Украинада орус аскерлеринин 24-февралда башталган толук алкактагы кол салуусу токтой элек.

Украинанын президенти Владимир Зеленский «Оппозиционная платформа — За жизнь» партиясынын башчысы Виктор Медведчук колго түшкөнүн билдирди. Маалымат каражаттары аны өлкөдөгү эң таасирдүү орусчул саясатчы деп аташат, Медведчук «Путиндин өкүл баласы» катары да таанымал.

Андан соң украин лидери бийликке Медведчукту туткунга алынган украин аскерлерине алмашууну сунуштады. Бул тууралуу Зеленский өз кайрылуусунда айтты.

«Эгер Медведчук аскер формасын тандаган болсо, анда ал согуш мезгилинин эрежелерине туш болот. Орусия Федерациясына балаңарды алып, ордуна орус туткунундагы кыз-жигиттерибизди өткөрүп бергиле деп сунуштайм. Ошондуктан биздин укук коргоо органдар жана аскерлер ушул мүмкүнчүлүктү дагы караштырышы зарыл», — деди ал.

Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков кармалган Медведчуктун сүрөтүнүн чын-төгүнүн тастыктай албасын айтты.

«Медведчуктун сүрөтүн көрдүм. Бул канчалык чындыкка дал келерин айта албайм. Чын-бышыгын билбей бир нерсе айтуунун өзү туура эмес», — деди Песков.

Медведчук Украинада жаратылыш ресурстарын уурдоо аракетине, ошондой эле Орусиянын атайын кызматтарына мамлекеттик сырды ачууга шектелип жатат. Ал 2021-жылы үй камагына чыгарылган, бирок «Интерфакс» басылмасынын маалыматына ылайык, согуш башталганда камактан качып кеткен.

Бучадагы зордуктоо

Украинанын акыйкатчысы Людмила Денисова BBC’ге маек куруп, Буча шаары орус аскерлеринин көзөмөлүндө турганда 14 жаштан 24 жашка чейинки 25 кыз жана аял байма-бай зордуктоого кабылганын айтып берди.

Денисованын айтымында, аялдар менен кыздарды Бучадагы үйлөрдүн биринин жертөлөсүндө 25 күн кармашкан. Мындан тышкары, анын маалыматына ылайык, зомбулуктан жабыркагандардын тогузу кош бойлуу болуп калган, алардын арасында 14 жаштагы кыз да бар.

Денисова окуянын масштабын баалоо кыйындыгын, себеби зомбулукка кабылгандардын баары эле бул тууралуу айтып берүүгө даяр эместигин кошумчалады.

Буга чейин, орус аскерлери Бучадан кеткен соң 360 адамдын сөөгү табылган, алардын ичинен 250 адам октон же чачыраган сыныктардан жарадар болгон. Кийин шаарга Зеленский келип, окуяны аскердик кылмыш деп атаган.

Ал эми Орусия Буча шаарында аскерлери жай тургундарды өлтүргөнүн четке кагууда.

Путин согуш тууралуу

Орусиянын президенти Владимир Путин Украинага каршы согушуна комментарий берип, Орусияга «башка арга калтырышпады» деп билдирди. Бул тууралуу ал 12-апрелдеги маалымат жыйынында айтты.

«Украинада болуп жаткан окуя — трагедия экени талашсыз, бирок Александр [Лукашенко] туура айтты: башка аргабыз калган жок. Жөн гана башка аргабыз калган жок, маселе убактысында эле, качан башталарында болчу», — деди Путин.

Ал «[Украинадагы] атайын аскердик операция (орус бийлиги Украинадагы согушту ушундай атап жатат) план боюнча жүрүп жатканын» дагы кошумчалады.

Ошол эле маалымат жыйында Беларустун президенти Александр Лукашенко Путинди колдоп, Орусия аракет көрбөй туруп алганда, анда анын аймагына кыйратуучу сокку урулмактыгын айтты.