Бучадан кийин сүйлөшүүлөр уланат, Байден Путинди соттоого чакырды

Украинада орус аскерлеринин 24-февралда башталган толук алкактагы кол салуусу токтой элек.

БУУнун 3-апрелге карата маалыматына ылайык, Украинада кеминде 1430 жай тургун, анын ичинде 121 бала каза таап, 2097 киши жарадар болду. Уюм каза тапкандар менен жарадар болгондордун реалдуу саны алда канча көп деп эсептейт.

The New York Times гезити спутниктен алынган сүрөттөргө таянып, Буча шаарында жай тургундар орус аскерлери бар кезде өлтүрүлгөнүн билдирди. Орус аскерлери шаарды бир айга чукул көзөмөлдөп, ал жактан 1-апрелде кетишкен. Орусиянын Коргоо министрлиги аскерлери шаардан 30-мартта кеткенин айтып, аскердик кылмыштар боюнча айыптарды четке кагууда. Мындан тышкары, ведомство Буча шаары бутага алынып турган кезде бир дагы тургун зомбулук аракеттен жабыркабагынын билдирүүдө.

2-апрелде Буча шаарынын көчөлөрүндө ондогон жай тургундун сөөгү, айрымдары колдору кайрылып байланган абалда табылган. NYT’дын маалыматына ылайык, 9-11-март күндөрү шаардын көчөлөрүнүн биринде кеминде 11 адамдын денесине окшогон кара объекттердин сөлөкөтү пайда болгон. Алардын жайгашкан жерлери 2-апрелде украин аскерлери тарткан видеодогу адамдардын сөөгүнө толук дал келген. Дагы үч карарган объект 20-21-март аралыгында пайда болгон.

«Медуза» басылмасы жай тургундарды өлтүрүү Буча шаарында эле эмес, башка аймактарда да болгонун белгилейт. Буга чейин Украинанын башкы прокурору Ирина Венедиктова Киевдеги бошотулган аймактардан 410 жай тургундун сөөгү чыгарылганын билдирген. Украин армиясы бул облуста көзөмөлдү толугу менен 2-апрелде кайтарган.

4-апрелде Киев облусунун айыл-кыштактарына жана шаарларына орус аскерлери кеткенден кийин көптөгөн эл аралык басылмалардын журналисттери барган. Алар Киевге жакын Мотыжин айылындагы боордоштор көрүстөнүнө барып, ал жерден Мотыжин айылынын старостасы Ольга Сухенконун, күйөөсүнүн жана балдарынын сөөгүн табышкан. Украин басылмалары Сухенконун туугандарына таянып, үй-бүлөнү 23-мартта орус аскерлери уурдаганын билдиришкен.

Буча шаарына 4-апрелде Украинанын президенти Владимир Зеленский дагы барды. Ал орус аскерлери чыгып кеткен аймактарда жай тургундардын сөөктөрү табылып жаткан шартта Орусия менен «сүйлөшүү абдан кыйындап жатканын» билдирди.

«Орусия жолугушуу процессин канчалык созсо, өзүнө эле, жалпы ушул абал үчүн, бул согуш үчүн да жаман. Себеби биздин аскерлер тигил бул аймактарды оккупациядан бошоткон сайын эмне болуп жатканын көрүп жатасыңар. Алар бул жерлерде эмнени кылып кеткенин көргөндөнй кийин сүйлөшүүлөргө баруу өтө кыйын болууда. Адамдар челекте, жертөлөдө, думугуп же жөн гана кыйналып өлгөнүн түшүүнүү, күн санап кыйын. Ошондуктан, алар эгер [аларда] ойлоно турганы бар болсо, тез ойлонушу керек деп эсептейм», — деп келтирди Зеленскийдин айткандарын «Медуза» басылмасы.

Зеленский Бучадагы окуя «аскердик кылмыш экенин жана ал дүйнө тарабынан геноцид катары тааныларын» дагы кошумчалады.

Би-Би-Синин орус кызматынын билдирүүсүнө ылайык, Зеленский Орусия менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү дагы деле мүмкүнбү деген суроого оң жооп берген.

«Ооба, анткени Украинада тынчык орношу керек. Биз XXI кылымдагы Европадабыз. Биз дипломатиялык жана аскердик аракетибизди күчөтөбүз», — деп белгиледи ал.

АКШ президенти Жозеф Байден Владимир Путинди аскердик кылмышкер катары соттоого үндөдү. «Бучада эмне болгонун көрдүңөр да», — деди Байден.Байден Путинди март айында дагы аскердик кылмышкер деп атаган. Анда Кремль «дүйнө жүзү боюнча жүз миңдеген адамдын өмүрүн алган өлкө башчысынын мындай риторикасы кабыл алынгыс жана кечирилгис» деп жооп берген.

Ал эми БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерреш «Бучадагы өлтүрүлгөн жай тургундардын сүрөтүн көрүп нес болгонун » айтты.

«Көз карандысыз иликтөө күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга алып келиши өтө маанилүү», — деп кошумчалады ал.

Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Бучада жай тургундар орус аскерлери тарабынан өлтүрүлдү деген маалымат боюнча комментарий берип, «Орусия адамдардын өлтүрүлгөнүнө катыштыгы бар экенин таптакыр четке кагат» деп билдирди.

Ал бул маселе эл аралык деңгээлде талкууланышы керектигин белгиледи. 5-апрелде БУУнун Коопсуздук кеңешинин отуруму өтүшү керек, ал жерде Владимир Зеленскийге сөз берилет.

Мындан тышкары, Песков Коргоо министрлиги видео жасалма жана фейк экенин аныктаганын эске алды. Песков «Война с фейками» телеграм-каналына чыккан видеону айтып жатканы анык. Алар кадрдан жолдун четинде жаткан адамдын сөөгү колун кыймылдатып, дагы бир каза тапкан киши, арткы күзгүдөн караганда ордунан туруп отурган деп билдиришкен. Постту Орусиянын коргоо министриги менен РИА Новости өз каналдарына бөлүшкөн.

Мурдараак «Медиазона» бул билдирүүлөрдүн чын-төгүнүн текшерип, «Война с фейками» телеграм-каналынын постун төгүнгө чыгарган.

Песков «эл аралык лидерлер туш келди айыптаганды коюп, Орусиянын аргументтерин да угууну» талап кылды

Орусиянын Башкы прокуратурасы Бучадагы каза болгон кишилердин сүрөттөрүн «жалган далилдер» деп атап, аларга «жазык-укуктук баасы берилерин» убадалады.

«Украина тарап тараптып жаткан жалган далилдер кезектеги чагымчылдык болуп эсептелет, бул калп жана Батыш баштаган маалыматтык-пропагандалык согуш шартында орус армиясын дискредитациялоого багытталган», — деп эсептейт Башкы прокуратура.