Ош шаарында «аялын өлтүрүүгө аракет кылган» 58 жаштагы киши кармалды

Ош шаардык ички иштер башкы башкармагынын басма сөз кызматы 58 жаштагы киши аялын бычактоого шектелип кармалганын кабарлады. Шаардык сот шектүүнү тергөө аяктаганга чейин абакта калтыруу чечимин чыгарды.

Милициянын маалыматына ылайык, 7-апрелде облустук ооруканын жандандыруу бөлүмүнө денесинен төрт жолу бычакталган аял түшкөн. Аны ооруканага кошуналары жеткиришкен.

«М.Калинин конушунун тургуну, өз үйүнүн короосунда, аялын өлтүрүү максатында ашкана бычагы менен көкүрөк тушуна бир нече ирет сайгылаган. Ызы-чууну коңшулары угуп калып, аларды ажыратып, оор абалда аялды оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткиришкен», — деп айтылат милициянын маалыматында.

Тергөөнүн жүрүшүндө жубайлардын ортосундагы чыр өз ара келишпестиктен улам келип чыкканы аныкталып, жабырлануучунун «С.Х.» аттуу күйөөсү кармалган.

Аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, шектүү Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Кыргызстан — аялдар үчүн Борбор Азядагы эң кооптуу өлкө

Аялдардын тынчтык жана коопсуздук боюнча глобалдык индексинин (WPS Index) рейтингине ылайык, Кыргызстан Борбор Азиядагы аялдар үчүн эң кооптуу өлкө деп табылган.

Дүйнөдөгү аялдар үчүн эң кооптуу өлкөлөр Ооганстан, Сирия, Йемен, Пакистан жана Ирак экени айтылды.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, дээрлик он жыл ичинде «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча 762 кылмыш иши аял киши өлтүрүлгөн үчүн козголгон.

Көпчүлүк учурда киши өлтүрүү эркек ьарапьан жасалаары аныкталаган. Биздин талдоо фемициддин 75% киши колдуу болгон аялга тааныш болгон адам, жыныстык өнөктөшү, тууганы же жолдошу тарабынан жасалганын көрсөтөт. Ошондой болсо да аялдардын өмүрүнө көбүнесе тек гана күйөөлөрү кол салган. Аялдарды өлтүрүү учурларынын 11%ы гана көчөдө бейтааныш адам тарабынан жасалган.

Фемицид эркек аялдан жогору турат деген идеядан келип чыгат, мисалы, аял кишини өз менчиги катары көрүүдөн улам пайда болот. Көбүнчө, фемицид стереотип болуп калган гендердик ролдорго баш ийдирүүгө мажбурлоодо — эркек кандай десе аял өзүн ошондой алып жүрүшү керек, ошондой кийиниши керек дегенден келип чыгат.

Сиз же сиздин жакындарыңыз зордук-зомбулукка кабыл болгон учурда кайрыла турган кризистик борборлордун даректери жана телефон номурлары:

  • «Шанс» кризистик борбору — Бишкек, Чуй проспекти, 207, 509 батир, телефон: 0709710320;
  • «Сезим» кризистик борбору — Бишкек, Табышалиев көчөсү, 3, телефон: 0312512640;
  • ОО «Энсан — Диамонд» — Ош, Ленин көчөсү, 205/105, телефон: 0772328960, 0322222965;
  • «Акылкарачач» кризистик борбору — Ош облусу, Гүлчө айылы, Набережная көчөсү, 1, телефондор: 0555281423, 0776281423;
  • «Аруулан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү, 205, телефондор: 0776380777, 0322255608;
  • «Ак журок» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү, 205, телефондор: 0550231329, 0322245976;
  • ОО «Мээрбан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү, 312/23, телефон: 0773843461;
  • НПО «Тендеш» кризистик борбору — Нарын, Кыргыз көчөсү, 31/3, телефондор: 0700257890, 0352250270, 03522295047;
  • «Аялзат» коомдук фондунун алдындагы «Маана» кризистик борбору — Талас, Тагайбаев көчөсү, 274/2, телефондор: 0557484713, 0342255885;
  • «Жаныл Мырза» кризистик борбору — Баткен, Сыдыков көчөсү, 3, телефон: 0777393077;
  • «Каниет» кризистик борбору — Джалал-Абад, Б.Осмонов көчөсү, 113, телефон: 0372255084;
  • ОО «Аялзат — развитие женских инициатив» — Каракол, Абдрахманов көчөсү, 105-14, телефондор: 0392251091, 0553835717;
  • «Алтынай» кризистик борбору, Чолпон-Ата — 0709694550;
  • «Мээрман» кризистик борбору, Каракол — 0706383637;
  • Аялдарга жардам берүү жана реабилитациялоо борбору «Химая», Каракол — 0702223535, 0551733390.

Дагы окуңуз:

«Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү

«Келесоосуңар!» Илим Карыпбеков үй-бүлөлүк зомбулукка аялдарды күнөөлөдү. Бул эмне үчүн туура эмес?