Кыйноолорду алдын алуу борбору: Атамбаевдин ден-соолугу кескин начарлап баратат

Кыйноолордун алдын алуу улуттук борбору мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ден-соолугу сотко мажбурлап алып келингендиктен кескин начарлап баратканын билдирди.

Улуттук борбордун кызматкерлери Атамбаевди 15-апрелде барып көрүп келишкен. Мурдагы президент, «бели катуу ооруп жатканын, отуруп-турганга кыйналып, кыймылдаган сайын дем жетпей, колу-буту чымыраганын» айтып даттанган.

Ал эми №47 колониядагы дарылоо-түзөтүү мекемесинин башкы дарыгери Алмазбек Атамбаев толук текшерүүдөн өтүп, Саламаттык сактоо министрлигинин адистеринен кеңеш алып, дарыланууга муктаж экенин билдирген.

«Улуттук борбор Жаза аткаруу кызматынын жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилигине Алмазбек Атамбаевдин адистештирилген медициналык мекемеде өз убагында жана натыйжалуу медициналык жардам алуу укугун камсыз кылууну сунуштайт», — деп жазылат борбордун билдирүүсүндө.

14-апрелде экс-президент Алмазбек Атамбаевди Бишкектин Биринчи май райондук сотундагы отурумдан тез жардам унаасы алып кеткен.

Процесс учурунда саясатчынын абалы ачарлап, кан басымы көтөрүлүп кеткени айтылган. Сотто Атамбаевдин «Калыс-Ордо» конушундагы мектептин курулушу жана Түркиянын жарандарына мыйзамсыз паспорт берүү ишине байланыштуу кылмыш иштери каралып жаткан.

«№ 47 колонияда жакында болгон окуядан кийин ЖАКтын кызматкерлери омурткасын кокустатып алышкан. Тез жардам менен колонияга алып кетишти», — деп жазган депутат, мурдагы президенттин уулу Сеидбек Атамбаев.

Алмазбек Атамбаев буга чейин ден соолугуна даттанып жаткан. Бул тууралуу адвокаттары жана жакындары дагы айтышкан. Атамбаевди ден соолугуна байланыштуу сот залынан буга чейин да бир нече жолу тез жардам менен алып кетишкен.