Атамбаевди сот залынан тез жардам алып кетти

14-апрелде экс-президент Алмазбек Атамбаевди Бишкектин Биринчи май райондук сотундагы отурумдан тез жардам унаасы алып кетти. Бул тууралуу Атамбаевдин уулу, парламенттин депутаты Сеидбек Атамбаев Фейсбуктагы барагына жазды.

Сүрөт: Сеидбек Атамбаев

Анын айтымында, процесс учурунда саясатчынын абалы ачарлап, кан басымы көтөрүлүп кеткен. Сотто бүгүн Атамбаевдин «Калыс-Ордо» конушундагы мектептин курулушу жана Түркиянын жарандарына мыйзамсыз паспорт берүү ишине байланыштуу кылмыш иштери каралып жаткан.

«№ 47 колонияда жакында болгон окуядан кийин ЖАКтын кызматкерлери омурткасын кокустатып алышкан. Тез жардам менен колонияга алып кетишти», — деп жазды депутат.

Алмазбек Атамбаев буга чейин ден соолугуна даттанып жаткан. Бул тууралуу адвокаттары жана жакындары дагы айтышкан. Атамбаевди ден соолугуна байланыштуу сот залынан буга чейин да бир нече жолу тез жардам менен алып кетишкен.

Сеидбек Атамбаев парламенттин 30-марттагы жыйынында атасынын өмүрүнө коркунуч жаралып атканын билдирген.

«Анын [Атамбаевдин] өмүрүнө коркунуч бар. Эч качан Алмазбек Шаршенович өзүнүн өмүрүнө кол салбайт. Эгер башын сындырып алса, же тамакка какап өлүп калса, мен түзмө-түз ушул бийлик Атамбаевге кол көтөрдү деп эсептейм», — деп билдирген анда эл өкүлү.

Сеидбек Атамбаев билдирүүсүн мурдагы президентти Кой-Таш окуялары боюнча сотко мажбурлап алып келишкенден кийин жасаган. Саясатчынын адвокаты Замир Жоошев Атамбаев өзүн жаман сезип жатканын айтып, отурумга катышуудан баш тартканына карабастан сот залына мажбурлап алып келишкенин билдирген.

Юристтин айтымында, күзөтчүлөр «Алмазбек Атамбаевди бөлмөсүнөн колониянын кар турган плацына ич кийимчен, колу-бутунан кармап сүйрөп чыгып», күч менен автозакка салып алып келишкен.

Кийин Кыйноолордун алдын алуу улуттук борбору Атамбаевдин колунан жана бутунан көгала тактарды байкашкан.