Temirov Live «Экспресс Строй КГ» компаниясы тууралуу жаңы фактыларды тапты

Бишкекте мектептерди курушу мүмкүн делген «Экспресс Строй КГ» компаниясынын айланасындагы чуу басаңдай элек. Дал ушул фирма калаада мектептерди тендерсиз курарын эл өкүлү Дастан Бекешев айтып чыккан.

Буга Бишкек мэриясы дароо реакция кылып, компания мектептерди сала турганын четке какты. Бирок Дастан Бекешев өкмөттүн 140-номурдагы токтомунда «Экспресс Строй КГ» фирмасы мектеп куруу менен алектенери көрсөтүлгөнүн деп ишендирген.

Депутаттын өтүнүчүнө Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жооп берип, 140-токтом чындыгында бар экенин, бирок аны толук иштеп чыгуу керектигин жана балким ал жараксыз деп табылышы мүмкүн экенин билдирген.

Токтомдун тагдыры жана «Экспресс Строй КГ» компаниясы Бишкектеги мектептерди курабы же жокпу, азырынча белгисиз. Ага карабастан Temirov Live’тын журналисттери бул компания тууралуу кененирээк маалымат билүүнү чечти.

«Компаниянын негиздөөчүсү тууралуу билгибиз келген, аны менен бирге бийликте дагы, бизнесте дагы, тагыраак айтканда мамлекеттик сатып алуулар жана тендерлер менен байланышы бар бизнести дагы ийгиликке жетишкен группировканы аныктадык», — деп айтылат иликтөөдө.

Биз Temirov Live’тын журналисттеринин материалын баяндап беребиз.

Эрмек Атантаев жана анын коррупцияга шектелген байланыштары

Бекешев «Экспресс Строй КГ» компаниясы тууралуу маалыматты айтып чыккандан кийин, анын директору Эрмек Атантаев деп билдирген.

«Бул эмне болгон компания, тарыхы жок. Белгисиз Эрмек Атантаев “жакшынакай” көздөрү үчүн гана мамлекеттик бюджеттен мындай “пирог” ала албаса керек» , — деген анда депутат.

Temirov Live редакциясынын журналисттери 2022-жылдын 24-мартында «Экспресс Строй КГ» компаниясынын жалгыз негиздөөчүсү жана жетекчиси Кочкорбек Жуманазаров, ал эми Эрмек Атантаев мурдагы директор болуп калганын аныкташкан.

Атантаев Нелли Дашков менен «Сай-Аска» компаниясынын негиздөөчүлөрү. Нелли — «Кыргыз темир жолу» ишканасынын мурдагы жетекчиси Василий Дашковдун жубайы. Дашков коррупцияга айыпталып — мамлекеттик ишканадан 1,1 млрд сом чыгарып кетүүгө шектелип жатат. Азыр ал ден соолугуна байланыштуу «соттук териштирүү маалында» үй камагында.

«Сай-Асканын» мурунку ээси Нурманбет Сыдыков болчу — ал Мамлекеттик бажы кызматындагы коррупцияга күнөөлүү деп табылган, бажы кызматынын төрагасынын экс-орун басары Райым Матраимовдун жээни.

«“Сай-Аска” бизге “Кыргыз темир жолу” иликтөөсүнүн негизинде таанылаган. Анда биз, ишканадагы коррупциялык схемаларды колдойт делген Каныбек Түмөнбаевдин үстүнөн чыкканбыз», — деп кошумчалады журналисттер.

Атантаев Каныбек Түмөнбаев менен коррупцияга шектелген мурдагы муфтий Максатбек Токтомушев негиздеген РИБХ компаниясын да жетектеген.

Өз кезегинде Токтомушев мечит куруу үчүн бөлүнгөн жерлерди сатуу боюнча талаштарда ортомчу болгон, бирок иш сотко жеткен эмес. Ошол учурда алдамчылыкка Кочкорбек Жуманазаров деген киши айыпталган — азыр ал «Экспресс Строй КГ» компаниясынын жетекчиси.

«Кыргыз темир жолундагы» иликтөөдө Түмөнбаев «Кош-Тамчы» компаниясын жетектей турганы аныкталган. Журналисттер Бактыбек Жантаев — Каныбек Түмөнбаевдин кызматкери экенин, ошондой эле саясатчы Равшан Сабировдун жубайы менен Black Star Burger’дин негиздөөчүлөрүнүн бири экенин аныкташкан. Black Star Burger’дин Бишкектеги ачылышындагы видеодо Түмөнбаев бар жери алып салынган. Ачылыш аземде Максат Токтомушев жана Равшан Сабиров да болушкан.

Равшан Сабировдун уулдары

«Экспресс Строй КГ» компаниясынын мурдагы негиздөөчүлөрүнүн катарында Ахмадшох Азатов деген кишинин аты да аталат. Temirov Live’дын журналисттери ал — Равшан Сабировдун уулу экенин белгилешүүдө. Сабиров — президент Садыр Жапаровдун мурдагы кеңешчиси, азыр болсо, президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикти жетектейт.

«Эң негизги агентство. Бакиевдердин убагында ушундай эле агентствону качкын президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев жетектеп келген», — деп белгилешти журналисттер.

Равшан Сабировдун дагы бир Низамидин Сабиров аттуу уулу бар. Ал — «Экспресс-строй» курулуш компаниясынын директору. Убагында компания Бишкекте салып жаткан объектин куруп бүтүрө албай койгон. 2019-жылы Жогорку сот бизге ал жерде курулуш эмес, сейил багы болуш керек экенин тастыктаган. Андан кийин жер тилкеси Бишкектин мэриясына өткөрүлүп берилген.

Бирок, 2022-жылдын мартында соттун чечими эмнегедир күчүн жоготкон, ал эми жердин ээси Дулкун Хожиниязов болуп калган. Temirov Live’дын журналисттеринин маалыматтарына караганда, ал — «Экспресс Строй КГ» компаниясынын да, «Экспресс Строй» деген аталыштагы дагы бир компаниянын да мурдагы негиздөөчүсү.

«Не дейсиздер, “Экспресс Строй” компаниясы тендерсиз билим берүү мекемелерин курууга кантип мүмкүнчүлүк алды? Эмне үчүн Жогорку соттун акыркы чечими күчүн жоготту? Буга Равшан Сабировдун тийиштиги барбы? Бул суроолорго биздин иликтөөдөн жооп алдыңыздар деп ишенебиз», — деп сөзүн жыйынтыктады журналисттер.