«Кыргыз Темир Жолунун» экс-башчысы Дашков үй камагына чыкты

Василий Дашков.

Бишкектин Биринчи май райондук соту «Кыргыз Темир Жолу» мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчиси Василий Дашковду үй камагына чыгарды. Бул тууралуу «Клоопко» соттун басма сөз кызматы билдирди.

Соттон белгилешкендей, Дашков «соттук териштирүү маалында» үй камагында болот.

«Азаттык» Биринчи май райондук сотуна таянып экс-чиновник ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыкканын жазууда.

Ал эми 24.kg сайты өздүк булагына таянып, «Кыргыз Темир Жолунун» мурдагы башчысына карата иш сотко өткөнүн билдирди.

Дашковдун кармалышы жана «Бикардга» которулушу

«Кыргыз Темир Жолу» ишканасынын мурдагы башчысы Дашков 2020-жылы эки жолу кармалган.

Биринчи жолу, 18-майда — УКМК муну четке какканы менен Биринчи май райондук соту 19-майда Василий Дашков 18-июлга чейин үй камагына чыгарылганын билдирген. Ал мамлекеттик ишканадан 2020-жылдын май айынан декабрга чейин 1,1 млрд сом каражатты чыгарып кетүүгө шектелген.

Ал эми 9-июнда УКМК Василий Дашков мамлекетке келтирген зыяндын ордун толтурбаганы үчүн экинчи жолу кармалганын билдирген.

Бирок 1-июлда Василий Дашков ден соолугуна байланыштуу «Бикард» жеке клиникасына которулганы белгилүү болгон, бул жерде коррупцияга айыпталган башка чиновниктер да дал ушундай эле себеп менен көп которулуп турат. Мисалы, ТИЗОнун ордуна Бажы кызматынын мурдагы төрагасынын орун басары Райымбек Матраимов менен экс-премьер министр Мухаммедкалый Абылгазиев да ошол жерде калышкан.

26-августта видеоблогер Санжар Калматай Дашков клиниканын отургучтарында бир аял менен сүйлөшүп отургандагы видеосун жарыялаган. Ошол күндүн эртеси эле Дашков ТИЗОго кайтарылганын кабарлаган.

Дашков «Бикард» жеке клиникасынын аймагында

УКМК кармалган Дашков «Бикард» жеке клиникасынын аймагында ээн-эркин жүргөнү тартылган видеого байланыштуу иликтөө баштаганын дагы кабарлаган. Дашков камактагы адам болгон үчүн дайыма конвойдун кайтаруусунда болушу керек эле.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында УКМКнын тергөө абагынын башчысы жана анын орун басары кызматтарынан айрылган.