Коргоо министрлиги Балыкчыда ок тийген аскер Бишкектеги ооруканада экенин билдирди

Иллюстративдик сүрөт.

Балыкчы шаарындагы №20636 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жүргөндө ок тийген жоокер Бишкекте ооруканада жатканын Коргоо министрлиги билдирди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматына таянып 18-апрелде «Азаттык» басылмасы жазды.

Министрликтин малыматына караганда, окуя 9-апрелде болгон. Жоокерлердин бири кокустан ок чыгарып, ал экинчи аскерге келип тийген.

«Дарыгерлер жарадар болгон жоокердин абалын канааттандырарлык деп баалап жатышат», — деп жазылат билдирүүдө.

Министрликтен учурда окуя боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатканын белгилешти. Ал эми колдо бар материалдар Балыкчы гарнизонунун аскердик прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Ушундай эле окуя 2020-жылы Баткен облусунда жайгашкан аскер бөлүктөрүнүн биринде болгон. Анда ефрейтор машыгуу өтүп жатканда автоматтан чыккан ок катуу нерсеге тийип, кайра келип аскердин оң жак билегине тийген. Аскерге жеринде биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, аймактык ооруканага жеткирилген.

Ал эми 2019-жылы Кыргызстанда аскерде жүрүп каза болгон 13 жоокердин өлүмү суицид катары бааланган.

Тема боюнча:

Баткенде аскер машыгуу учурунда октон жарадар болду