Баткенде аскер машыгуу учурунда октон жарадар болду

Баткен облусунда жайгашкан аскер бөлүмдөрүнүн биринде ефрейтор кызматкери оң жак билегине ок тийип жарадар болду. Бул тууралуу Башкы штабдын басма сөз кызматы кабарлады.

Кырсык 22-январга караган түнү Калашников автоматынан ок атуу боюнча машыгуу өтүп жаткан учурда болгон. Автоматтан чыккан ок катуу нерсеге тийип, кайра аскерди көздөй чегинген. Аскерге жеринде биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, аймактык ооруканага жеткирилген. Учурда анын абалы «канаатандыраалык» деп бааланууда.

Окуянын чоо-жайын аныкташ үчүн Куралдуу күчтөр аскерлеринин жетекчилиги тарабынан кызматтык иликтөө башталды.

Буга чейин, жылдын башында Жалал-Абад облусунда чек ара кызматынын аскери бутуна ок атып алган. Анда Чек ара кызматы окуя «кокустуктан» болгон деп билдирген.

Ал эми 2019-жылдын декабрь айында Алай районунун Гүлчө айылындагы №92843 аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн 22 жаштагы ефрейтор токко урунуп каза тапкан. Кийинчерээк аталган аскер бөлүгүнүн командири Мелис Бошкоев жетектөөдөгү шалаакылыгы үчүн кызматынан алынган.