Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Азия чемпиону болду

Балбан Айпери Медет кызы Монголиянын Улан-Батор шаарында эркин күрөш боюнча өтүп жаткан Азия чемпионатында алтын медалды багындырды. Ал финалдык беттеште биринчи турда кармашкан жапониялык Юка Кагамини менен кайрадан күрөшүп, 5:3 эсеп менен жеңип алды.

Ал биринчи турда Кагаминини 7:3 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыккан. Медет кызы чейрек финалда индиялык спортчу Судаш Кумаринини мөөнөтүнөн мурда утуп, жарым финалга жолдомо алган.

Андан кийин монголиялык Ариунджаргал Ганбатты 10:0 эсебинде жеңип, финалга чыккан болчу. Медет кызы 76 килограмм салмакта беттешет.

Ушул эле күнү кыргыз балбаны Мээрим Жуманазарова 68 килограмм салмакта күрөшүп, Азия чемпионатында күмүш медаль уткан.

Андан мурда аталган чемпионатта кыргызстандык балбандар Жоламан Шаршенбеков менен анын бир тууган агасы Тынар Шаршенбеков жана Акжол Махмудов алтын медаль багындырышкан.

Күрөш боюнча Азия чемпионаты Монголиянын Улан-Батор шаарында 19-апрелде башталган, мелдеш 24-апрелде аяктайт. Ага кыргызстандан жалпы 21 спортчу жөнөп кеткен. Кыздар арасындагы эркин күрөш боюнча мелдештерге Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова катышып жатат.