Мээрим Жуманазарова Азия чемпионатынын күмүш медалын багындырды

Кыргыз спортчусу Мээрим Жуманазарова эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында күмүш медалга ээ болду. Ал финалда казакстандык Мадина Бакбергенова менен беттешти.

Ал алгач 2:1 эсебинде алдыда келе жаткан, бирок беттештин бүтөрүнө 25 секунд калганда атаандашына 2 упайга багынып берди.

Жуманазарова 68 килограммга чейинки салмакта күч сынашты. Бул салмакта жалпысынан 2 тайпага бөлүнгөн 7 спортчу бар.

Балбан кыз 1-турда казакстандык Мадина Бакбергенованы 5:0 эсебинде таза жеңген. Андан соң кореялык Суджин Паркты 10:0 эсебинде утуп алган.

Жарым финалда ал монголиялык Энкхсайхан Денгелрмааны 7:2 эсебинде уткан.

Буга чейин аталган чемпионатта кыргызстандык балбандар Тынар Шаршенбеков менен Акжол Махмудов да алтын медаль багындырышкан. Ошондой эле спортчу Айпери Медет кызы финалга чыккан.

Күрөш боюнча Азия чемпионаты Монголиянын Улан-Батор шаарында 19-апрелде башталган, мелдеш 24-апрелде аяктайт. Ага кыргызстандык 21 спортчу катышууда. Кыздар арасында мелдеште Мээрим Жуманазаровадан сырткары балбан кыздар Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы күч сынашат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Айпери Медет кызы Азия чемпионатында финалга чыкты

Шаршенбеков менен Махмудов грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону болду