Пенсиялык реформаны жүргүзүү оңойго турбайт, бирок бийликтин бул үчүн саясий эрки жана жарандардын колдоосу бар. Бул тууралуу минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Балыкчы шаарына иш сапары менен барганда билдирди. Ал жерден чиновник жергиликтүү тургундар менен пенсияларды адилеттүү бөлүштүрүү маселесин талкуулады.
Анын айтымында, реформанын алкагында бир катар маанилүү өзгөртүүлөрдү киргизүү пландалып жатат, ал өзгөртүүлөр «коомдо түшүнбөстүктү жаратышы мүмкүн». Анткен менен Байсалов «бардык өзгөртүүлөр жарандардын пенсиясын жогорулатууга жана аны адилет бөлүштүрүүгө гана багытталганын» билдирди.
«Биздин пенсионерлердин азыр алып жаткан пенсиясы өтө төмөн. Аны оңдоого убакыт келди. Пенсионерлерге татыктуу карылыкты камсыз кылышыбыз керек. Биригүү аркылуу алдыдагы өзгөрүүлөр эмнеге багытталганын ар бир жаранга түшүндүрүү зарыл», — деди Байсалов.
Пенсиялык реформа
Кыргызстанда пенсиялык реформа жүргүзүлөөрү үстүбүздөгү жылдын апрель айында белгилүү болгон. 11-апрелде минкаб реформанын концепциясы менен тааныштырып, киргизиле турган жаңы өзгөртүүлөр жөнүндө айтып берген. Анда Байсалов концепция дагы талкууланаарын белгилеп, бирок кескин өзгөртүүлөр керек деп айткан.
Мисалга, Соцфонд аялдардын пенсия курагын 58 жаштан 60 жашка жогорулатууну сунуштап жатат. Муну Соцфонд аялдар орточо алып караганда эркектерге караганда узак жашайт деп негиздөөдө.
Соцфонд пенсияга эрте чыгуу укугун жана жеңилдиктерди берген категорияларды дагы жоюуну сунуштап жатат. Учурда аталган категорияларга өлкөнүн бир катар жарандары, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери жана бийик тоолуу шартта жашап иштеген кыргызстандыктар кирет.
Мындан тышкары, Соцфонд аскер кызматкерлери үчүн бир эле учурда пенсия да, айлык да алууга тыюу салууну сунуштаган. Мындай өзгөртүүгө Коргоо министрлиги каршы чыгып, Соцфонддун демилгесин «туура эмес жана максатка ылайыксыз, эмгек кадырын кетирет» деп атаган.
Ошондой эле Соцфонд жаран пенсияга чыга ала турган минималдык эмгек стажысын дагы киргизгиси келет. Учурда кыргызстандыктан эмгек стажысы жок туруп да пенсияга чыгып, аз болсо да төлөмдөрдү ала алышат.
«Көпчүлүк адамдардын тажрыйбасы жок, анткени соңку 30 жылда эч ким [Социалдык фондго] акча төккөн эмес. Алардын пенсиясы 1,5 миң сом. Анан ушундай аз пенсия алып калганына мамлекет жоопкерчиликтүү болуп калууда. Чындыгында бул бейформал экономикадан болуп жатат. Бул пенсия деле эмес, карыганда берилген жөлөк пул», — деген Байсалов.
Пландалып жаткан пенсиялык реформаны экс-депутат Наталья Никитенко да сынга алган. Ал минкаб «пенсионердин колундагы акыркы нанын тартып алууну көздөп», бийлик «кайсы бир себептерден улам эмгек тажрыйбасын топтой албай калгандар алып жаткан арзыбаган тыйындан ажыратууга» аракет кылып жатат деп билдирген.
Социалдык фонддун 2021-жылдын декабрындагы маалыматына ылайык, Кыргызстанда 687 миң пенсионер бар. 2021-жылы орточо пенсия 6 миң сомду түзгөн. Ошол эле кезде, учурда Кыргызстанда эң аз пенсия 1500 сомду түзөт. Пенсионерлердин 70%га чукулун аялдар түзөт.
Социалдык фонд 2022-жылдын октябрь айында пенсияны 50%га көтөрүүнү пландап жатат. Ведомствонун башчысы Бактияр Алиевдин айтымында, быйыл 700 млн сом бөлүнгөн, бирок өкмөт баалардын жана доллардын курсунун өскөндүгүнө байланыштуу бюджеттен дагы кошумча каражат бөлүү маселесин карап жатат.