«Эмгек кадырын кетирет». Коргоо министрлиги аскер кызматкерлерине пенсия төлөбөө сунушун сындады

Коргоо министрлиги Социалдык фонддун пенсия системасын реформалоого демилгесине каршы чыгып, билдирүү жарыялады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Министрликтен Социалдык фонддун иштеп жаткан жарандарга, алардын ичинде аскер кызматкерлерине пенсия төлөбөө демилгеси «туура эмес жана максатка ылайыксыз, эмгек кадырын кетирет» деп эсептешүүдө. Коргоо министрлигинен өлкөнүн аскер кызматерлери «жөн гана иштеп калбастан» «жарандардын тынч шартта иштеши үчүн коопсуздуктук камсыздашат» деп баса белгилешти.

«Аскер кызматкерлеринин пенсияга чыгуу мөөнөтү анын каалоосу менен эмес, тиешелүү ченемдик-укуктук актылар менен аныкталган. Аскер кызматкерлеринин иш убактысы 10-12 саат, ал эми кээ бир учурда суткасына 24 саатты камтыйт. Мындан тышкары, өздүк курамдын кээ бир бөлүктөрү дем алыш жана майрам күндөрүн дагы кызматта өткөрүшөт», — деп айтылат билдирүүдө.

Кызмат өтөө убактысын саноо менен, ведомстводон аскер кызматкерлеринин орточо иш убактысы аптасына 60-80 саатты түзөрүн белгилешти. Ошол эле учурда, социалдык фонддун кызматкерлери аптасына 40 саат гана иштей турганын салыштырышты.

«Орусия жана Казакстандын аскер кызматкерлерине пенсия чегерүү тууралуу сөз кылганда Соцфонддун кызматкерлери анык эмес, бир тараптуу маалымат таратып, көпчүлүктүн башын адаштырууда. Орусиялык, казакстандык жана өзбекстандык аскер кызматкерлеринин айлык маянасы, демек пенсиясы дагы биздин мекен сакчыларыныкына салыштырганда кыйла жогору», — деп белгиледи Коргоо министрлиги.

Аны менен бирге ведомство социалдык фонддун кызматкерлерин аскер бөлүктөрүндөгү жашоо жана иш шартын өз көзү менен көрүп, Соцфонддун кызматкерлери иштеген шарттарга салыштыруу үчүн Баткен, Маргун жана Нарындын бийик тоолуу райондорун кыдырып чыгууну сунуштады.

«Биздин аскер кызматкерлерге жана аскер пенсионерлерге татаал кызматы жана эмгеги үчүн ыраазычылык билдирүүнүн ордуна, Социалдык фонддун орун басары ыңгайлуу, цивилизациянын бардык жыргалчылыктары менен колдонуп жаткан шартта жогорку трибунадан алардын пенсияларын жокко чыгарууну жана ошону менен бирге аскер кызматкерлеринин социалдык-экономикалык абалын начарлатууну талап кылууда. Мамлекеттик түзүм деп саналган Социалдык фонддун мындай мамилесин мамлекеттик деп атоого болобу? (суроо риторикалык)» — деп билдирди Коргоо министрлиги.

Министрлик жазган катында Социалдык фонд бул демилгеси менен бийликтин аскер кызматкерлерине бардык керектүү шарттарды түзүүгө кылган аракеттерин жокко чыгарып жатат деп кошумчалады.

«Коргоо министрлиги Социалдык фонддун демилгесин туура эмес деп эсептейт. Ал аскердик коопсуздукту камсыз кылууга олуттуу зыян келтирет жана өлкөнүн аскердик-саясий жетекчилигинин Аскердик тармактагы мамлекеттик саясатына жана аскер кызматчыларын социалдык коргоосуна каршы келет», —деп жыйынтыктаган билдирүүсүн ведомство.

Социалдык фонддун кандай сунуш келтирди?

Соцфонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева парламенттин 11-апрелдеги отурумунда аялдардын пенсияга чыгуу курагын 58ден 60 жашка чейин жогорулатууну сунуштаган.

Мындан тышкары, Соцфонд аскер кызматкерлери үчүн бир эле учурда пенсия да, айлык да алууга тыюу салууну сунуштаган. Жуматаева бул пенсияга чыккандан кийин иштегенди улантып жаткан аскер кызматкерлерине тиешелүү деп түшүндүргөн.

Ал аскер кызматкерлери катардагы жарандарга караганда пенсияга кыйла эрте, болжолдуу 40-42 жашында чыгып, ошол эле убакта иштегенди улантышарын белгилеген.

Социалдык фонддун 2021-жылдын декабрындагы маалыматына ылайык, Кыргызстанда 687 миң пенсионер бар. 2021-жылы орточо пенсия 6 миң сомду түзгөн. Ошол эле кезде, учурда Кыргызстанда эң аз пенсия 1500 сомду түзөт.