Кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды

Кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды. Ал 62 килограмм салмакта күч сынашты.

Тыныбекова чечүүчү финалда жапониялык балбан Нонока Озаки менен күрөшүп, 9:1 эсебинде утулду. Ал эми чейрек финалда монголиялык спортчу Болдсайханы Хонгорзулгулду 7:3 эсебинде жеңген. Жарым финалда болсо өзбекстандык Набира Эсенбаеваны 6:0 менен утуп, финалга жолдомо алган болчу.

Буга чейин Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар Жоламан Шаршенбеков менен анын бир тууган агасы Тынар Шаршенбеков жана Акжол Махмудов алтын медаль багындырышкан. Ал эми кыздар арасындагы күрөштө Айпери Медет кызы алтын медаль утса, Мээрим Жуманазарова күмүш медаль жеңген.

Айсулуу Тыныбекованын карьерасы

Айсулуу Тыныбекова эң биринчи жолу 2012-жылы Лондондо өткөн олимпиада оюндарында 13-орунду алган. 2013-жылы Универсиаданын коло медалын уткан.

Ал эми 2014-жылы Азия чемпионатында күмүш утса, Азия оюндарында коло байгенин ээси болгон. 2015-жылы кайрадан Азия чемпионатына катышып, күмүш медаль утуп, 2016-2017-жылдары катары менен Азия чемпиону болгон.

Ошондой эле, 2017-жылы Ислам тилектештик оюнунда алтын медаль утуп, ошол эле жылы Азия чемпионатында күмүш утса, Дүйнө чемпионатында коло медаль уткан.

Тыныбекова 2018-2019-жылы өткөн Азия оюндарынын эки жолку чемпиону. Ал эми 2021-жылы Дүйнө чемпиону аталган.

Ал эми 2021-жылы Норвегиянын Осло шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында алтын байгени утуп, кайралан чемпион аталган.

Андан тышкары, Айсулуу Тыныбекова Польшада кыз-келиндер арасында өткөн «Poland Open-2021» эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеште алтын медалга ээ болгон.

Балбан кыз United World Wrestlingдин дүйнөдөгү эң мыкты балбан кыз-келиндеринин тизмесинин сап башына чыккан.