Тыныбекова мыктылар тизмесинин сап башында, ал эми Шевченко эң жогорку акы алуучу болду

Айсулуу Тыныбекова дүйнөдө мыкты балбан деп таанылып, күрөш боюнча эң мыкты спортчу кыз-келиндер тизмесинин сап башына чыкты. Январь айында Тыныбекова Италиядагы чемпионатка барат. Тыныбековадан тышкары, бул таймашка Нураида Анаркулова жана Айпери Медет кызы да катышышат.

Тыныбекова 2019-жылы сентябрда күрөш боюнча дүйнө чемпиону болгон. Ал эки жолу Олимпиадалык оюндарга катышып, бирок медал албай калган. Балбан кыз келе жаткан Олимпиада оюндарында да күч сынамакчы.

Ал учурда Валентина Шевченко UFCнин эң эле жогорку маяна төлөнгөн он спортчунун катарын толуктады — ал бир миллион 139 миң доллардан ашуун киреше тапкан.

Февралда Шевченко чемпиондук курун коргойт. Мушкер 2018-жылы февралда UFCнин жеңил салмак категориясы рейтингинде тизменин башына чыккан.