Маданият министрлиги Орусиянын Донбасс тууралуу тасмаларын көрсөтүүгө уруксат берди

Маданият министрлиги Орусиянын Донбасс тууралуу даректүү тасмаларын көрсөтүүгө уруксат берди. Бул тууралуу маданият министри Азамат Жаманкулов 21-апрелде депутат Марлен Маматалиевдин суроосуна жооп берип жатып парламенттин жыйынында билдирди.

Маматалиев «Орусияны стратегиялык өнөктөш дегенибиз менен эмне үчүн Кыргызстанда Орусиянын тасмаларын көрсөтүүгө уруксат берилбей жатат» деп сурады.

«Орусия мамлекети “Время правды” деген кинофестиваль өткөрөйүн десе, бир эки НПОчу кыйкырып, муну жокко чыгарып жатыптыр. Коркутуулар түшүп жатыптыр. [...] Эми биз бүгүнкү күндө Ата-Мекендик согушту жокко чыгара албайбыз, ал биздин тарыхыбыз. Ошондой нерселерди көрсөтөйүн десе каршы чыккандар бар экен. Ошого көңүл буруп койсоңуз. Өзүбүз айтып жатабыз [Орусия] биздин стратегиялык өнөктөш деп, бирок ушундай жөнөкөй эле кино көрсөтөйүн десе тоскоолдуктар болуп жатыптыр. Тапшырмаларды берип, карап койсоңуз», — деди Маматалиев. Бирок, бул кинофестивалда көрсөтүлө турган тасмалардын Ата-Мекендик согуш менен байланышы жок, алар өзүн-өзү таанып алган ДЭР менен ЛЭРге арналаган.

Маданият министри Азамат Жаманкулов тасмаларды көрсөтүүгө министрлик 20-апрелде уруксат берди деп жооп берди.

«Алгач фильм келгенде контентин, ички мазмунун карап коюшубуз керек да. Комиссия түзүлүп, ача пикирлер болгондуктан көрсөтүүнү токтотуп турганбыз. Бирок кечээ уруксат берилди», — деп белгиледи ал.Ошондой эле министр «Азаттыкка» маек куруп, Донбасс тууралуу орус тасмаларын Кыргызстанда көрсөтүүгө уруксатты Кино департаментинин эксперттик комиссиясы бергенин айтты. Анын айтымында, комиссия аталган тасмалардын зыяны жок деген бүтүм чыгарган.

Кыргызстан Украина менен Орусиянын ортосундагы согушта расмий бейтарап позицияны карманып жатат. Ал эми УКМК жаңжалга алып келүүчү жагдайлар чыгып кетпеши үчүн 9-майда «Z» символикасы бар аскер формасын кийбөөгө чакырган — бул тамга Орусиянын аскерлери Украинагы чабуул койгон алгачкы күндөрдөн тартып колдонулуп келет.

УКМК антиукраиналык позициядагы фильмдерге байланыштуу комментарий бере алган жок. Коопсуздук комитетинен «Клоопко» жагдай боюнча маалыматты кийинчерээк берүүнү убада кылды.

Кыргызстан Украина менен Орусияны согуштук аракеттерди тынчтык жолу менен жөнгө салууга чакырып, ал тургай сүйлөшүүлөргө өз аянтчасын берүүгө даяр экенин билдирген.

Орус фильмдерин көрсөтүүнү токтотуу

13-апрель күнү Бишкекте Донбасс жана Луганск тууралуу орус тасмаларын көрсөтүү токтотулганы белгилүү болгон.

«Окраина», «Солнцепек» жана «Ополченочка» кино тасмалары «Время правды» кинофестивалынын алкагында 15-17-апрель күндөрү Asia Mall соода борборундагы «Бродвей» кинотеатрында көрсөтүлүшү керек болчу.

*«Донбасс. Окраина» фильми ДЭР жана ал жактагы аскердик аракеттер тууралуу тасма. Ал эми «Ополченочка» жана «Солнцепёк» тасмалары ЛЭР тууралуу баяндайт. Бул согуш тууралуу тасмалар, ал жерде украин аскерлери антагонист катары көрсөтүлгөн. «Солнцепёкто» «Вагнер» жеке аскердик компаниясынын согушкерлери оң каарман катары чагылдырылган.

Мындан тышкары, фестивалда «Крым» тасмасын дагы көрсөтүүнү каалап жатышат. 2017-жылы аталган тасманын рейтингин көтөрүү үчүн «Кинопоискке» бузу кирүү болгон. Анда BBC’нин орус кызматы бул тасманы көрүп чыккан Cinemaholics порталынын редактору Дарья Постнова фильмди «пропагандага сугарылган» деп атаган.

Кинофестивалда Оливер Стоундун дагы тасмалары көрсөтүлөт. Тасмаларга орус саясатчыларынын Украина жөнүндө интервьюлары жана Стотундун өзүнүн Украиндагы «улутчулдуктун тарыхы» тууралуу көз караштары баяндалат. Ошондой эле коңшу өлкөдө болуп жаткан окуяларга орусчул көз караш менен баа берилген «Укриана долбоору» тасмасы дагы көрсөтүлөрү жарыяланган.

Көрсөтүүнү «Гармония» орус маданий борборунун президенти Александр Степанюк уюштурган. Ал 13-апрелде кинотеатрдын директору тарабынан оозэки баш тартуу болгонун айткан. Степанюк көрсөтүүнү айрым бейөкмөт уюмдар үзгүлтүккө учуратты деп айтып, бирок так кимдер экенин ачыктаган эмес. Ал канткен күндө деле Бишкекте Донбасс жөнүндөгү орус тасмасын көрсөтүнү көздөгөн.

«Алар кинотеатрларды мажбур кылышты: эгер талапты аткарбасаңар соода борбордогу чет элдик дүкөндөрдүн франшизасын алынат дешип. Бул сөз эркиндиги деп чыккандардын болуп көрбөгөндөй цензурасы. Бул парадоксалдуу көрүнүш», — деген ал. Бирок ал бейөкмөт уюмдар жеке бизнестин франшизасына кантип таасир эте аларын түшүндүргөн эмес.

Степанюктун маалыматын орусиялык ЖМКлар дагы, мисалы, «Регнум» басылмасы чыгарган. Ошол эле кезде басылма Степанюктун айткандарын четке каккан кинотеатрдын позициясын берген эмес.

Ошол эле кезде «Регнум» басылмасынын макаласы жарыялана элекке чейин Asia Mall тасма көрсөтүлбөй турганын тастыктаган. Бирок Степанюктан айырмаланып кинотеатр көрсөтүүнү токтотуу чечими эч кандай басымсыз эле, эки тараптуу макулдук менен кабыл алынганын, ал эми уюм дайыма саясаттан тыш экенин билдирген.

УКМК «Z» белгиси түшүрүлгөн аскердик кийимдерди кийбөөгө чыкырды