УКМК «Z» белгиси түшүрүлгөн аскердик кийимдерди кийбөөгө чыкырды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети карнавал костюмдарын ижарага берген дүкөндөрдү «Z» белгиси түшүрүлгөн кийимдерди сатпоого чакырды.

Атайын кызмат мындай белгиси бар кийимдер «улуттар аралык кастыкты козутууга» алып келиши мүмкүн деп эсептейт.

Аны менен катар УКМК жарандарды 9-майда өтө турчу «Өлбөс полк» жүрүшүнө «Z» белгиси түшүрүлгөн аскердик кийимдерди кийип чыкпоого үндөдү.

«УКМК Улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган аракеттерге Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралганын эскертет», — деп жазылат билдирүүдө.

Латындын арибиндеги «Z» тамгасы Орусиянын аскерлери Украинагы чабуул койгон алгачкы күндөрдөн тартып колдонулуп келет. Бул белгини көбүнчө Орусиянын аскердик техникасынан көрүүгө болот.

Кыргызстан Орусиянын Украинага кол салуусуна байланыштуу маселеде орток позицияны карманууда. БУУнун Башкы ассамблеясы 2-мартта Украина боюнча резолюцияны жактырып, Орусияга Украинадагы аскерлерин чыгарып, республикага карата күч колдонуу аракетин токтотуу талабы айтылган. Кыргызстан добуш берүүдөн карманган.

5-мартта кыргыз ТИМнин башчысы Руслан Казакбаев орусиялык кесиптеши Сергей Лавров менен жолугушууда Орусия менен Украинаны тынчтыкка чакырып, жаңжалды саясий-дипломатиялык жол менен чечүүгө үндөгөн. Мындан тышкары, Казакбаев Кыргызстанды украин-орус сүйлөшүүсү үчүн аянтча катары сунуштаган.

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин 9-марттагы жыйынында Кыргызстан кичинекей өлкө болгондуктан согушту токтотууга таасири деле жетпесин белгилеп, Орусия менен Украина маселесинде «калыс өлкө болушубуз керек» деп айткан.

Тема боюнча:

Садыр Жапаров: Согушту токтотууга таасирибиз жетпейт, ошондуктан калыс өлкө болушубуз керек