Кыргызстанда Донбасс тууралуу тасмалар көрсөтүлбөй турган болду

Маданият министри Азамат Жаманкулов Донбасс тууралуу тасмалар көрсөтүлбөй турганын билдирди.

«Соңку мезгилдеги эл аралык окуяларга байланыштуу жана эл аралык мамилелерде Кыргыз Республикасынын бейтараптык позициясын кармагандыгына байланыштуу, “Кыргызтасмасы” “Мамлекеттик киноборбору” мамлекеттик мекемеси аталган фильмдерге берилген жүгүртүү күбөлүктөрүн кайра чакыртат жана ал фильмдерди Кыргыз Республикасынын аймагында көрсөтүүгө тыюу салат», — деп билдирди маданият министри.

Донбасс тууралуу тасмаларды көрсөтүүгө уруксат

Тасмаларды «Гармония» орус маданий борбору «Время правды» деп аталган кинофестивалдын алкагында көрсөтүүнү демилгелеген.

Маданият министри маданий борбор бир катар тасмаларды көрсөтүүгө уруксат сурап кайрылганын билдирди.

«Аталган маданий борбор 2022-жылдын 18-апрелинде 2019-жылы тартылган “Донбасс. Окраина”, “Солнцепек”, “Ополченочка” көркөм тасмаларын республиканын аймагында көрсөтүүгө уруксат алуу максатында “Кыргызтасмасы” Мамлекеттик киноборбору” мамлекеттик мекемесине кайрылган», — деп жазды ал.

Кинофестивалдын сайтындагы маалыматка ылайык, башка дагы тасмаларды көрсөтүү пландалган.

«Донбасс. Окраина» фильми ДЭР жана ал жактагы аскердик аракеттер тууралуу тасма. Ал эми «Ополченочка» жана «Солнцепёк» тасмалары ЛЭР тууралуу баяндайт. Бул согуш тууралуу тасмалар, ал жерде украин аскерлери антагонист катары көрсөтүлгөн. «Солнцепёкто» «Вагнер» жеке аскердик компаниясынын согушкерлери оң каарман катары чагылдырылган.

Мындан тышкары, фестивалда «Крым» тасмасын дагы көрсөтүү пландалган. 2017-жылы аталган тасманын рейтингин көтөрүү үчүн «Кинопоискке» бузуп кирүү болгон. Анда BBC’нин орус кызматы бул тасманы көрүп чыккан Cinemaholics порталынын редактору Дарья Постнова фильмди «пропагандага сугарылган» деп атаган.

Сайтта Оливер Стоундун дагы эки тасмасы тууралуу маалымат жайгаштырылган — орус саясатчыларынын Украина жөнүндө интервьюлары жана Стотундун өзүнүн Украиндагы «улутчулдуктун тарыхы» тууралуу көз караштары. Ошондой эле коңшу өлкөдө болуп жаткан окуяларга орусчул көз караш менен баа берилген «Укриана долбоору» тасмасын дагы көрсөтүү пландалган.

Украинага каршы позициядагы тасмаларды көрсөтүү демилгеси чуу жаратып, Бишкектеги «Бродвей» кинотеатры саясий тасмаларды коюудан баш тарткан.

Орус маданий борборунун башчысы кинотеатр кызматташуудан баш тартканы үчүн кайсы бир бейөкмөт уюмдарды айыптаган. Директордун позициясын орусиялык маалымат каражаттар, мисалы «Регнум» жазып чыккан.

Андан кийин парламент депутаты Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин жыйынында орус тасмаларына урксат берүү маселесин көтөрүп чыккан.

«Орусия мамлекети “Время правды” деген кинофестиваль өткөрөйүн десе, бир эки НПОчу кыйкырып, муну жокко чыгарып жатыптыр. Коркутуулар түшүп жатыптыр. [...] Эми биз бүгүнкү күндө Ата-Мекендик согушту жокко чыгара албайбыз, ал биздин тарыхыбыз. Ошондой нерселерди көрсөтөйүн десе каршы чыккандар бар экен. Ошого көңүл буруп койсоңуз. Өзүбүз айтып жатабыз [Орусия] биздин стратегиялык өнөктөш деп, бирок ушундай жөнөкөй эле кино көрсөтөйүн десе тоскоолдуктар болуп жатыптыр. Тапшырмаларды берип, карап койсоңуз», — деген Маматалиев. Бирок, бул кинофестивалда көрсөтүлөт делген тасмалардын Ата-Мекендик согуш менен байланышы жок, алар өзүн-өзү таанып алган ДЭР менен ЛЭРге арналган.

22-апрелде Маданият министрлиги тасмаларды көрсөтүүгө уруксат берилгенин маалымдаган. Бул чечим өлкөнүн Украинадагы согушка карата бейтарап позициясын эске алганда айрым кыргызстандыктардын нааразычылыгын жараткан.

Буга чейин УКМК жаңжалга алып келүүчү жагдайлар чыгып кетпеши үчүн 9-майда кыргызстандыктарды «Z» символикасы бар аскер формасын кийбөөгө чакырган — бул тамга Орусиянын аскерлери Украинагы чабуул койгон алгачкы күндөрдөн тартып колдонулуп келет.

Бирок, акыры 23-апрелде аталган тасмаларды Кыргызстанда көрсөтпөө чечими кабыл алынды.