Динара Аляева президенттен маммограф жабдыгын оңдотууга демөөрчү таап берүүнү өтүндү

«Помогать легко» фондунун жетекчиси Динара Аляева президент Садыр Жапаровдон эмчек рагын аныктаган маммографты оңдотууга демөөрчү таап берүүгө жардам сурады. Аляева бул боюнча Фейсбук барагында кайрылды.

«Бизде инвесторлор көп болуп, бирок оорулуулар үчүн акча жок болуп жатса, Кыргызстанда аялдардын ден соолугуна салым кошо турган инвесторду таап берүүнү суранам. Биз маммографтын ремонтун төлөп бере турган демөөрчүлөрдү таба албадык. Ал аппарат өлкөгө өтө мыкты айымдар, Таалайгүл Сабырбекова жана Тынара Касымалиеванын салымы менен алып келинип иштеп жаткан болчу», — деп жазды ал.

Анын айтымында, сөз «Эргэнэ» коомдук фондуна гуманитардык жардам катары берилген маммограф жөнүндө болуп жатат. Аялева белгилегендей, Таласта облусунда аялдар дарты залалдуу шишикке айланып баратканын дал ушул аппарат аркылуу билишкен.

Аляеванын билдиришче, маммограф эмчек рагын эрте стадиясында аныктоого жардам берет, ал эми аппараттын көчмө трейлери диагностиканы өлкөнүн булуң-бурчтарында жүргүзүүгө жардам берет.

«Уникалдуу санариптик аппарат туруп калганы өкүнүчтүү. Себеби Кыргызстанда эмчек безинин залалдуу шишигинен каза тапкандар биринчи орунда турат. […] Аппаратты миңдеген аял күтүп жатат. [Садыр Жапаров] Жардамыңызды күтөбүз», — деп кошумчалады ал.

Онкологиялык дартка чалдыккан аялдардын митинги

Эмчек безинин дартынан жабыркаган аялдар оорунун алдын алуу жана даарылоодо кыйынчылык тартып келет.

Алсак, 2021-жылдын аягында онкологиялык дартка чалдыккан аялдар маммологиялык борбор жабылып, андан соң мекеме Улуттук онкология борборунун бөлүмү болуп өзгөрүп, ал эми январда жоюлуп кеткенден бери кайда барарын билбей, кыйынчылыкка кабылышкан.

Алар борбордун жабылышына каршы чыгып, 2021-жылдын декабрында президент Садыр Жапаровго Улуттук онкология борборуна караштуу маммология борборун сактап калууну өтүнүп кайрылышкан.

Бишкекте 2022-жылдын 1-февралында Өкмөт үйүнүн алдына эмчек рагынан жабыркаган аялдар митингге чыгышкан. Алар Улуттук онкология жана гематология борборуна караштуу Маммология борборунун жабылышына каршылыгын билдиришкен.

Митингге чыккандар дарылануу үчүн көп чыгым тартып, ал тургай мүлктөрүн сатууга аргасыз болуп жатканын айтышкан. Аялдар маммологиялык борбору кайра түзүмдөшкөндөн кийин Онкологиялык борбордо кезек күткөндөр көбөйгөнүн, алардын шартында «ар бир мүнөт эсепте» экенин билдиришкен.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда эмчек рагына чалдыккан үч миңден ашык аял каттоодо турат, жылына 400гө жакын жаңы учур аныкталат. Улуттук онкология борборунун маалыматында, 2020-жылы 626 аялга «эмчек рагы» диагнозу коюлган.