Президенттин коркутуусу жана жаңы Өкмөт үйү. Манасчы Дөөлөт Сыдыков Жапаровго жооп кайтарды

Дөөлөт Сыдыков менен Садыр Жапаров. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Бишкектеги «Манас айылы» маданий-этнографиялык комплексинин башчысы, манасчы Дөөлөт Сыдыков президент Садыр Жапаров маданият министри Азамат Жаманкулов аркылуу «коркутуп салам дубай жолдогонун» Фейсбук барагына жазып чыкты.

Анын айтымында, комплекстин жерине Өкмөт үйүн куруу пландалган. Ал «Манас айылы» тарыхый жер экенин белгилеп, «5 сотых эмес, беш кадам мыйзамсыз киргенге эч кимдин акысы жок» деп билдирди.

«Садыр аба, ооба, “Манастын айылы” менин менчигим эмес, ал жерде мен жооптуу мамлекеттик кызматкермин, милдетимди гана аткарып жатам. 5 сотых деп калп эле шылтоо менен "Манастын айылын" басып алалы деген Марат Турсунбеков менен Дамирбек Асылбек уулунун жана Нургалы Асаналиевдин дагы менчик жери эмес. Эмне үчүн жогорудагы ысымы аталгандар "Манастын айылын" тебелеп кирип каалаганын кылыш керек?» — деп суроо узатты манасчы.

*25-апрелде президент Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик агенттигине маек куруп, «Манас» айылы Дөөлөт Сыдыковдун менчигим эмес экенин билдирген.

Дөөлөт Сыдыков «Манас айылынын» тосмолору бузулуп жатканда Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Тилек Батырканов «мыйзамдуу документтерди көрсөтө албаганын» айтып нааразы болду. Манасчы, эгерде комплекстин жери жаңы Өкмөт үйүнө керек болсо, мыйзамдуу чечим чыгышы керек эле деп эсептейт.

«"Манастын айылынын" ордуна министрлер отурган Өкмөт үйү салынат деп сизден келген "билермандар" эбак эле айткан. Проектиси даяр экенинен дагы кабарым бар. Эми андай эле жерди ала турган болсоңор мыйзамдуу кагаз, чечим кайда десем? Эч ким, эч нерсе көргөзө албады. Анан мен эмне кылышым керек? Андан көрө ачык эле, агынан жарылып “Манастын айылынын" ордуна Өкмөт үйүн салалы деп дароо эмне үчүн чечим чыгарган жоксуз? Ошол себептен улам "Манастын айылын" тоого көчүрүүнүн жолу табылган сыяктуу», — деп кайрылды ал Жапаровго.

Манасчы бир жыл мурда президенттин тапшырмасы менен «Манас айылын» кайра куруу жана «Манас театрын» салуу боюнча Президенттин иш башкармалыгы менен иш алып барганын эскерип, «карышкырга эле кой кайтарткан экенбиз да!» деп кейиди.

«Аттиң, маданият министри Азамат Жаманкуловдон мени коркутуп дубай салам айттырганыңыз ашыкча эле болуп калды. Андан көрө бир жылдан бери иштеп жаткан Манас долбоору боюнча сурап койсоңуз жакшы болмок», — деди ал.

Ал эми маданият министрлигинин басма сөз кызматы Азамат Жаманкулов манасчыга президенттин атынан эскертүү бергенине комментарий бере элек.

«Манас айылы» 1995-жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдыгына карата курулган. План боюнча этнокомплекс 12,6 гектар аянтты ээлеши керек болчу. Бирок, Дөөлөт Сыдыков «МедиаХабга» курган маегинде бийлик «Манас айылынын» жерин улам эле кертип алып жатканын айткан.

«30 жыл бою комплекстин каралбай калганы деле бекеринен эмес, атайы ушундай абалга жеткиришкен. Бул жердин чарчы метри да бир канча миллион доллар турат. Манастын жери өзүндө калышы керек», — деген ал.

Этнокомплексти реконструкциялоо маселеси 2019 жана 2021-жылы дагы көтөрүлгөн.

«Манас айылынын» айланасындагы чыр

«Манас айылынын» жанындагы жаңы Ак үйдүн курулушу. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

14-апрелде бул маселени Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо дагы көтөргөн. Ал маданий комплекске бастырып кирип, талкалоо иштерин жүргүзүүнү кескин сынга алган.

Ошол эле күнү президенттин басма сөз кызматы «Манас айылы» маданий-этнографиялык комплекстин 5 сотых жериндеги темир тосмолор жаңы Ак үйгө караштуу жерди түздөш үчүн алынып жатканын кабарлаган.

25-апрелде президент Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик агенттигине маек куруп, «Манас айылы» менен жаңы салынчу Ак үй чектеш болгондуктан, жерди түздөш үчүн тосмолору алынганын айткан.

«“Манас” айылы Дөөлөт Сыдыковдун, ал эми ак үй менин менчигим эмес. Көрүбүзгө көтөрө кетпейбиз. Элдики. Чектери биригип турат. Анча-мынча бурч болуп кармалып калган кашааларын түздөп салып жатышат», — деген ал.

Жапаров ошол эле маегинде жаңы президенттик администрациядан тышкары, жаңы Ак үйдүн жанында бардык министрликтерге да бир имарат салынарын айткан.

«Бардык министрлер бир эле имаратта олтурушат. Ал имараттын [курулушун] биз 2023-жылы баштайбыз. Дал эле ушул президенттик имарат салынып жаткан жердин күн чыгыш маңдайына салынат. Ошентип, күч органдарынан башка министрликтердин, өкмөттүк уюмдардын баарын борбордон өйдө жакка көчүрүп кетебиз», — деген ал.

Ал эми президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жаңы административдик имараттар «Манас айылынын» жерине эмес, Бишкек шаарынын түштүк аймагына курулат деп ишендирди.

«Курулуш учурунда маданий-этнографиялык комплекстин имаратына жана курулуштарына эч кандай зыян келтирилбейт турганын эскертебиз», — деп белгилешти президенттин басма сөз кызматынан.

Тема боюнча:

Дөөлөт Сыдыков: Нургалы Асаналиев президенттен келдим, «Манас айылынын» жерине Ак үй курабыз деди