Дөөлөт Сыдыков: Нургалы Асаналиев президенттен келдим, «Манас айылынын» жерине Ак үй курабыз деди

Али Токтакуновдун Дөөлөт Сыдыков менен маеги. Сүрөт: «МедиаХабдын» видеосунан скриншот кылып алынды.

Бишкектеги «Манас айылы» маданий-этнографиялык комплексинин башчысы, манасчы Дөөлөт Сыдыков «МедиаХаб» басылмасына маек куруп, комплекстин айланасындагы чыр боюнча түшүндүрмө берди. Ал «Манас айылынын» жери 2021-жылдын декабрь айында аягында эле талашка түшкөнүн белгилеп, комплекстин ордуна президенттин администрациясынын жаңы имаратын куруу пландалып жатканын айтып нааразы болду.

Жаңы курула турган президенттин администрациясынын имараты. Сүрөт: президенттин сайтынан алынды.

Сыдыков мындан он күн мурун «Ысык-Көл» мейманканасын бузуп аткан компаниянын кызматкерлери «Манас айылынын» тосмосун мыйзамсыз бузуп жатканын айтып чыккан. Ал бузуу иштерин жүргүзгөндөр президенттин атын жамынып жатканын айтып, коомчулуктан жана бийлик өкүлдөрүнөн жардам сурап кайрылган.

Учурда «ТС ГРУПП» кулуш компаниясы «Ысык-Көл» мейманканасынын жерине жаңы Ак үй куруп жатат. «Манас» айылы мейманканага жакын жайгашкан.

«Президенттен келдим, бул жерге Ак үй курабыз»

«Манас айылы» көп жылдар бою каралбай калып, бүгүнкүдөй акыбалга келген. Биз президент Садыр Жапаровго кирип, абалды түшүндүргөнбүз. Өлкө башчысы комплексти кайра курууну колдоп, ошол кездеги иш башкармалыгыгын башчысы Алмаз Мамбетовго дайындаган. Ал тургай долбоорго сынак жарыяланып, жеңүүчүсү аныкталган. Бүгүнкү күндө эскиз даяр, бирок сынактан жеңген адамдын акчасы дагы төлөнбөй калды. Ал эми ушул кезде темир тосмонун ары жагында курулуш иштерин жүргүзүп жаткан Нургалы Асаналиев чыр баштала электе, декабрь айында мага келген. Ал мага «мен сени тааныйм, ошон үчүн айтып коёюн деп атам. Мен президенттен келдим, бул жерге Ак үй курабыз» деп айткан.

«“Манас айылы” болбойт, биз парк кылабыз. Бийик имараттарды салып, оңдоп-түзөө иштерин баштайбыз» деди. Мен уят эмеспи, бул жер тырыхый жер, бир киши үчүн «“Манас айылы” жок болуп кетпеши керек» дедим. Ал президентке жардам бериш керектигин айтты. Асаналиев ошол жерден мени оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, кагынып-силкинип кетип калды [...]. Мен ага «президентке алып барыңыз, ошол жактан көзмө-көз сүйлөшөлү» десем болбой койду. Жөн эле «президенттин атынан» деп келип, жер талашкандар толтура деп айттым.

«Видео тартып атканын баланын колун Асылбек уулу кайрыды»

«Манас айылынын» тосмосу жаңыдан казыла баштаганда жетекчилери менен сүйлөшүүгө аракет кылганбыз. Биздин жаныбыздагы видео тартып аткан баланын телефонун Дамир Асылбек уулу колун кайрып, күч колдонуп эле жулуп алды. Мен «бул кылганыңар туура эмес, документиңерди көрсөткүлөчү» десем Марат Турсунбеков «сен кимсиң? [...]» деп мага асылып кирди. «Ушу Манас айылынын жетекчиси болом» десем «Жетекчиси болсоң эмне кылайын» деп койду. Ал эми Турсунбеков өзүн өкмөттүн өкүлү катары тааныштырды.

Мурдагы бийликтин тушунда 2 гектар чамалуу жерди алып коюшкан, улам эле кертип тартып алып жатышат. 30 жыл бою комплекстин каралбай калганы деле бекеринен эмес, атайы ушундай абалга жеткиришкен. Бул жердин чарчы метри да бир канча миллион доллар турат. Манастын жери өзүндө калышы керек.

Мен Президенттин иш башкаруучусу Талант Батыркановго барсам, «“Манас айылын” башка жакка көчүрөбүз. Силер даярдаган долбоорду “Манастын айылын” Бас-Бөлтөк деген жерге көчүрөбүз» деди. Ал жерди сиз өзүңүз көрдүнүз беле десем, «40 гектар жер бар экен, бирок мен көргөн эмесмин. Бирок ал жерге курганга акча жок» дейт. Бас-Бөлтөккө Манастын 40 метрлик эстелиги эмес, бир кичинекей эстелик турбайт, ал жер тоо эле да, эч нерсе курууга болбойт.

Ак үйдүн курулушу жаңы башталганда Дөөлөт Сыдыков Социалдык-экономикалык, административдик объектилерди куруу дирекциясынын башчысы Марат Турсунбеков, чет өлкөлүк студенттерди «алдоого» айыпталган ишкер Нургалы Асаналиев, Казакстанда аткезчилик боюнча соттолгон экс-депутат Дамирбек Асылбек уулу менен сүйлөшүүгө аракет кылган. Бирок анын бул аракетинен майнап чыккан эместигин айтат.

«Манас айылынын» айланасындагы чыр

Бул маселени 14-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо дагы көтөргөн. Ал маданий комплекске бастырып кирип, талкалоо иштерин жүргүзүүнү кескин сынга алган.

«“Ысык-Көл” мейманканасынын бузуучулары кирип, талкалап атышыптыр. “Манас ордодо”, “Манас айылында” чыр болбош керек. Баскынчылык болбош керек. Астейдил мамиле кылалы. Кылдаттык менен мамиле кылып койсоңуз», — деген ал.

Тема боюнча: «МедиаХабдын» иликтөөсү: Жаңы Ак үйдүн курулушуна кимдер тартылды?

Ошол эле күнү президенттин басма сөз кызматы «Манас айылы» маданий-этнографиялык комплекстин 5 сотых жериндеги темир тосмолор жаңы Ак үйгө караштуу жерди түздөш үчүн алынып жатканын кабарлаган.

Андан сырткары «Манас айылы» Президенттин иш башкармалыгына караштуу «Кыргызстройсервис» ишканасына катталганын жана маданий-этнографиялык комплекстин имараттарына эч кандай зыян келтирилген эмес деп ишендирген. Ал эми комплексти башка жакка жылдыруу боюнча маалымат берилген эмес.

Асаналиев, Асылбек уулу, Турсунбеков

Нургалы Асаналиев — 2018-жылы Бишкек шаарында Эл аралык илим жана бизнес аталышындагы университет ачып, чет өлкөлүк студенттерди «окутам деп акчаларын алып, алдап кеткени үчүн» издөөгө алынган. Асаналиев ошол эле жылдын 27-июлунда «Манас» аэропортунан Орусияга качып кетүүгө аракет кылып жатканда кармалган.

Нургалы Асаналиев.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, Асаналиев 2010-жылдан бери «Каганат» саясий партиясынын, ушундай эле аталыштагы кайрымдуулук фондунун жана уран, торий кендерин казган «КыргызАтомӨнөр жай» жабык акционердик коомунун жетекчиси.

Асаналиев өткөн жылдын 27-декабрда дагы президенттин жанында жүргөн. Ал Чүйдөгү мектеп-интернаттын мугалимдерине үй салып берүүну убада кылып, Жапаров менен бирге жерпайын түптөшкөн. Бирок кийинчерээк Жаңы-Жол айылынын тургандары журналисттерге курулуш ордунан жылбай жатат деп арызданышкан.

Дамирбек Асылбек уулу — 2018-жылы трансулуттук уюшкан кылмыштуу топ түзүп, аткезчилик менен алектенген делип кармалган.

Дамирбек Асылбек уулу.

Контрабандалык товар Казакстанга көмүскө бажы схемалары жана жасалма документтердин негизинде Кыргызстан аркылуу Кытайдан түз кирип турганын коңшу өлкөнүн Башкы прокуратурасы маалымдаган. Ал Казакстанда 10 жылга кесилип, Кыргызстанга экстрадиция болгон. Бирок кийинчерээк Кыргызстандын соту аны эркиндикке чыгарган.

Марат Турсунбеков — эл арасында «Рыжий Марат» деген каймана ат менен булгилүү. Ал 2021-жылдагы президенттик шайлоодо Жапаровдун ишенимдүү кишиси, ал эми президент болгондон кийин коомдук башталыштагы кеңешчиси болгон. Өткөн айда Жапаров Токмоктогу балдар үйүнө Марат Турусбеков жана Нургалы Асаналиевдин коштоосунда барып, автобус белек кылган. Президент унааны Турусбеков менен Асаналиев сатып бергенин айткан.

Марат Турсунбеков.

Ал эми 22-январда Президенттин иш башкармалыгына караштуу Социалдык-экономикалык, административдик объектилерди куруу дирекциясы түзүлүп, Марат Турсунбеков жетекчиси болуп дайындалган.

Президенттик администрациянын жаңы имаратынын курулушу

Өлкө башчы Садыр Жапаров 15-апрелде «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна түшө турган президенттин администрациясынын жаңы имаратынын курулушуна капсула салган. Кийинчерээк ал курулушка «мамлекеттин бир тыйын акчасы кеткен жок» деп ишендирген.

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун капсула салып аткан кези.

«Биздин коомчулукка жакшы иш жасасаӊ да, жаман иш жасасаӊ да жакпайсын. Ошол үчүн мурдагылар эч нерсе жасабай эле “жыргап отура берейинчи” деп тажаган сыяктуу?» — деп айтылган президенттин билдирүүсүндө.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев президенттин администрациясынын курулушу — Кыргызстандын аброю экенин жазган. Султанбаев эми жаңы жана заманбап имаратта чет элдик делегацияларды «уят болбой» кабыл алууга болот деп эсептейт.

18-апрелде президенттин иш башкаруучусу Тилек Батырканов президенттин администрациясын «ТС ГРУПП» компаниясы курарын айткан. Бул маалыматты компаниясынын башчысы Алмаз Тиленов дагы ырастап, келишимге казакстандык инвесторлор менен кол коюлганын айткан.

19-апрелде президенттин администрациясына караштуу Социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси Марат Турсунбеков бийлик жаңы имараттын курулушун каржылаган инвесторлорго Бишкектин түштүк аймагынан 16 гектар жер бөлүп берерин тастыктаган.

Инвесторлорго берилчү жер тилкеси. Видеонун скриншоту.

«МедиаХабдын» журналисттери өз булактарына таянып инвесторлорго берилчү 16 гектар жер Апсамат Масалиев проспектисинин (Түштүк Магистралдын) боюнда, «Ынтымак 2» паркынын каршы тарабында жайгашканын аныкташкан.

Ал эми иликтөөчү журналист Али Токтакунов Жапаровдун Ак үйдүн курулушуна «бир тыйын кеткен жок» деген сөзүн «манипуляция» деп атады. Анткени журналисттердин эсебинде жаңы Ак үйдүн курулушу үчүн бериле турчу 16 гектар жердин наркы 48 миллиондон 80 миллион АКШ долларын чапчыйт.

Социалдык тармактарда жаңы Ак үйдүн курулушу жана аты ачыктала элек инвесторлорго Бишкек шаарынын эң кымбат деп саналган аймагынан 16 гектар жердин берилиши кескин сынга алынган.

Анын ордуна социалдык объектилерди, айрыкча мектептерди куруу керектиги белгиленген. Ошондой эле 16 гектар жерге турак жай комплекстери түшсө, бул ыштын көбөйүшүн шарттайт деп да айтылган.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Президент жаңы имараттын курулушуна «бюджеттен акча кетпейт» деп ишендирди

«Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна түшө турган Ак үйдү «ТС ГРУПП» курат