Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Норвегиялык Хельсинки комитети (NHC), Адам укуктары боюнча Хельсинки Фонду (HFHR) жана Жарандык укук коргоочулар (CRD) иликтөөчү журналист Болот Темировго карата кылмыш иштери козголгонун айыпташты. Бул боюнча билдирүүнү IPHR 3-майда сайтына жарыялады.
Уюмдагылар Темировго карата кылмыш иштер «саясий жүйөөлүү» жана «жогорку бийлик бутактарындагы коррупция тууралуу иликтөөлөр үчүн анык эле өч алуу» деп эсептешет. Билдирүүдө бул «Кыргызстандагы сөз эркиндигине олуттуу доо кетиргени» белгиленет.
Учурда Болот Темировго карата жалпы төрт кылмыш иши козголгон — аскердик билет жана паспортту мыйзамсыз алуу, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү жана баңгизатты мыйсамсыз даярдоо. Журналистке карата аталган иштердин баары Temirov LIVE’дын командасы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандары мамлекеттик тендерлерге катышып жатканы тууралуу иликтөөлөрдү жарыялагандан кийин козголгон.
NHC’нин башкы катчысынын милдетин аткаруучу Гуннар Экелеве-Слидал бул журналистти «куугунтуктоо боюнча уюшулган кампания» деп ишенет.
«Болот Темировду куугунтуктоо Кыргызстандагы сөз эркиндиги үчүн жаңы абийирсиз этап болуп саналат. Ага карата куугунтуктун өлкөдөгү башка журналисттерди дагы коркууту максаты бар экени анык болуп турат», — деп билдирди HFHR’дин эл аралык программалар боюнча директору Ленур Керимов.
Эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин Болот Темировго тагылган айыптарды алып, «коркутуп-үркүтүүсүз жана куугунтукталбастан журналисттик ишмердүүлүгүн аткарууга мүмкүнчүлүк түзүүгө» чакырды.
Алар Темировго карата «куугунтук» өлкөдө сөз эркиндигинин абалы начарлаган шартта болуп жатканына көңүл бурушкан. Уюмдар Kaktus.media жана Next TV’га карата козголгон кылмыш иштерди, коммерциялык эмес уюмдардын ишмердүүлүгү тууралуу мыйзамдын кабыл алынганын жана айрым ЖМКны «чет элдик агент» катары таанууга чакырган билдирүүлөрдү дагы эске салышты.
«Кыргыз бийлиги мындай коркутуу жана куугунтуктоо тенденциясына чекит коюп, өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерине ылайык өз оюн билдирүү эркиндигин, журналисттерди жана ЖМКны куугунтуктан коргошу керек», — деди CRD’нин аткаруучу директору Андерс Петтерссон.
Буга чейин Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы начарлап жатканын бир нече медиа уюмдар жана журналисттер дагы айтып чыгышкан.
Алардын билдирүүсүндө ЖМКга карата козголгон кылмыш иштери «көз карандысыз медиаларга эбегейсиз басым көрсөтүлүп жатканын күбөлөндүрөт» деп айтылган. Медиа коомчулук өлкөнүн Конституциясына ылайык бийлик «сөз эркиндигине жана өз оюн эркин айтууга ашыкча кийлигишүүдөн алыс болушу керек» деп белгилешкен.
«Учурдагы бийлик өкүлдөрү кысым жана репрессияга кабылган учурда өз укуктарын коргоо жана ойлорун элге жеткирүү үчүн соцтүйүндөрдү, интернет жана ЖМКны активдүү пайдаланышкан, демек, алар сөз эркиндигин, пикири түрдүү ЖМК болушу керектигин, чындыктын үстүнөн монополиянын жок болушу канчалык баалуу экенин аңдашы керек. Көз карандысыз, күчтүү жана профессионалдуу пресса, айрыкча чек ара жаңжалдары курчуп, эл аралык кырдаал оор болуп, фейк жана пропагандалык маалыматтар абдан көп таркап жаткан учурларда абдан керек», — деп белгиледи медиа коомчулук кайрылуусунда.
Тема боюнча: Кыргызстанда ЖМКга карата басым күчөп жататМедиа коомчулук бийликти сөз эркиндигине басым кылууну токтотууга чакырды