Акын Болот Назаровдун иши боюнча эки милиционер тартип жоопкерчилигине тартылды

Төкмө акын Болот Назаровдун кылмыш иши боюнча наркологиялык экспертизаны жана башка тергөө иш-чараларын жайылтканына байланыштуу эки милиция кызматкери тартип жоопкерчилигине тартылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

«ИИМдин басма-сөз кызматынын алешемдигинен улам Башкы прокуратура ички иштер министрине мыйзам бузууларды жоюп, күнөөлүүлөрдү тартип жоопкерчилигине тартсын деген буйрук берди. Кароонун жыйынтыгы менен эки жооптуу кызматкерлер тартип жоопкерчилигине тартылды», — дешти ведомстводон.

Эмне болду эле?

20-январда Temirov LIVE’дын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин мамлекеттик ишканадан мазут сатып 30 млн сомдон ашык каражат тапкан туугандары тууралуу иликтөөсү чыккан.

Андан кийин милиция Temirov LIVE’дын негиздөөчүсү Болот Темировду жана кесиптеши, төкмө акын Болот Назаровду кармап кеткен. Ошол маалда алардын жанынан полиэтилен баштыктагы гашиш табылганы айтылган.

Темиров гашиш салынган түйүнчөктү чөнтөгүнө «салып коюшканын» айткан. Журналисттин заарасы менен канынан алынган тест баңгизаттын курамын көрсөткөн эмес. Эртеси күнү журналист менен төкмө акын эч кайда кетпөө тил каты менен бошотулган.

Көп өтпөй эле соцтүйүндөрдө Temirov LIVE’дын журналисттеринин жашыруун камерага тартылган жеке жашоосуна байланыштуу видео пайда болгон. Журналисттер репортёрлорду артынан аңдуу болуп, аларды өзүн УКМКнын кызматкерлери деп атаган адамдар шантаж кылганын аныкташкан.