Иштамберди кенин иштеткен компаниянын жумушчулары иш таштады

Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районундагы Иштамберди кенин иштеткен кытайдын «Фулл Голд Майнинг» компаниясынын жумушчулары иш таштады. Бул тууралуу «Клоопко» Кыргызстандын тоо-металлургчулар кесиптик кошуунун төрагасы Эльдар Таджибаев билдирди.

Таджибаевдин айтымында, беш күндөн бери иш таштаган жумушчулар айлык акыны 50%га көтөрүүнү жана тамак-аштын сапатын жакшыртууну талап кылып жатышат. Ошондой эле, алар жумушта колдонулган техникалык жабдуулар үчүн айлык акыдан мыйзамсыз кармалып жатканына нааразы.

«Акыркы убакта бюджеттик кызматкерлердин айлыгы көтөрүлгөндөн кийин Терек-Сай айылында жана ага жакын жайгашкан конуштарда иштеген дарыгерлердин, бала бакчалардын тарбиячыларынын, мугалимдердин айлыгы 50-55 миң сомго жеткен. Ал эми оор жана кооптуу эмгек шарттарында иштеген кен казуучулардын айлыгы бир топ төмөн. Республикалык бюджет тоо-металлургиялык өнөр жай ишканаларынын чегерүүлөрүнөн түзүлүп, андан бюджеттик кызматкерлердин эмгек акысы төлөнөт да. Кенчилер эмгеги үчүн эмгек акыны жогорулатууну туура талап кылып жатышат», — деди Тажибаев.

«Фулл Голд Майнингдин» жетекчилиги айлык акыны 10%га көтөрүүнү сунуштаган, бирок ишкананын жумушчулары буга макул болбой, 30-апрелде кендеги ишти токтотушкан.

Профсоюздун төрагасы сүйлөшүүлөрдөн кийин 1-майдан тарта кеңсе кызматкерлери менен үч бөлүмдүн кызматкерлери ишке киришкенин кошумчалады. Бирок тоо-кен участогунун 300 жумушчусу, анын ичинде жер астындагы кен казган жумушчулар иш таштоосун улантышууда.

«Фулл Голд Майнинг»

Иштемберди алтын кенин «Фулл Голд Майнинг» компаниясы иштетип келет. Жергиликтүү тургундар буга чейин аталган компания алтынды өндүрүүдө «цианид колдонот» деп нааразы болуп келишкен. Мындан сырткары, тургундар аталган компания «иштетилген уулуу заттарды туура эмес сактагандыктан, ал жердин кыртышына сиңип кеткенин» айтышкан. Буга байланыштуу жергиликтүүлөр компания ишин токтотсун деген талап кылып келишет.

Ал эми «Фулл Голд Майнингдин» өкүлдөрү бир нече жылдан бери цианид колдонбой калганын билдиришкен.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин сайтындагы маалыматка ылайык, «Фулл Голд Майнинг» компаниясы Иштамберди кенинин 800 гектар жеринде 2007-жылы чалгындоо иштерин баштаган.

Бир жылдан кийин кендин үстүнкү жагынан 137,3 гектар жерди, кийинчерээк 2011-жылы кошумча 157 гектар тилкени өндүрүп баштаган. Мекеменин басма сөз кызматы Иштамберди кенинде 25 тоннага чукул алтын бардыгын маалымдайт.

Ал эми коомдук активист Уланбек Абдыкеримов мындан мурун «Азаттыкка» Иштамберди кенинде 80 тоннага чукул алтын бардыгын айткан — акчага которгондо бул 4 миллиард доллардан ашуун болот. Бирок алтын кени кытайлык компанияга 25-30 миллион долларга «берилген».