Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун тургундары «Фулл Голд Майнинг» алтын өндүрүүчү кытай компаниясына нааразычылык билдирип, укук коргоо органдары тарабынан басым жасалып жатканын айтышууда. Ал эми милиция басым кылынганын төгүндөп жатат.

Бул макалада эмне себептен Чаткалдын активисттери кытай алтын өндүрүүчү компаниясынын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылып жатышканын жана кен иштетүүдө экологияга кандай коркунучтар келтирилиши мүмкүндүгүн баяндап беребиз.

Уулуу заттар сакталган кампа

Мындан бир нече жыл мурун, тагыраагы 2012-жылы, «Фулл Голд Майнинг» Иштамберди кенинде цианид аркылуу алтынды өндүрө баштаган. Бирок жергиликтүү тургундар нааразычылык билдиргенде, инвестор мындай ыкма менен алтын өндүрүүнү токтоткон. Убакыттын өтүшү менен чаткалдыктар компания кайрадан цианидди колдонуп жатышы мүмкүн деп чочулап жатышат.

Алардын айтымында, компания алтын кенташты цианид колдонуу ыкмасы менен тазалаганга даярданып жатат — бул ыкма менен алтын кенташынын жүздөгөн тоннасынан көмүр, акиташ жана цианид колдонуу аркылуу алтын бөлүнүп алынат. Ал эми «натрий цианиди» кенташты эритүүчү уулуу зат — кенташты эриткенден кийин, андан «Доре» эритмеси калат. Ал эритме өзүндө 70%дан кем эмес алтын камтыйт, акыркы тазалоо баскычы үчүн заводдорго жөнөтүлөт.

Жергиликтүү тургундар контейнерлерде болжол менен уулуу заттар сакталган тасманы «Клоопко» жөнөтүштү.

Мирлан Мырзаев

Жарандык активист Мирлан Мырзаевдин айтымында, 2012-жылы компания алтын өндүрүүдөн чыккан калдыктарды таштаган туюккап өз калыбына келтирилбей ачык калган — бул коопсуздук техникасына туура келбейт. Мырзаевдин айтымында, компания бул туюккапты кайрадан иштеткени турат.

«Аталган компания цианиддин өлчөмүн 5-10 эсе көп колдонуп жаткандыгын 2018-жылдын 12-июнунда [өткөн элдик нааразычылык акциясында] эл далилдеп, жогору жактан келген тийиштүү органдарга көрсөткөн. Бирок ага карабай, [тийиштүү органдар] актыны бурмалап, өз көрсөткүчтөрү боюнча тууралашкан. Ошону менен бирге топурактан, суудан алынган анализдерди элге көрсөтпөй, ар кандай шылтоолорду айтып келишүүдө», — дейт Мырзаев.

Жергиликтүү бийлик, көзөмөлдөөчү органдар жана «Фулл Голд Майнинг» өкүлдөрүнүн катышуусунда Иштамберди кенинде өткөрүлгөн текшерүүнүн былтыркы актысына ылайык, компания тараптан бир нече мыйзам бузуулар болгон. Алардын ичинде уулуу заттарды, айрыкча «натрий цианидин» туура эмес сактоо жана туюккаптын астына салынган чел кабыктын бүтүндүгүн бузуу бар.

Абдыжапар Аккулов

Геоэкология боюнча эксперт Абдыжапар Аккулов цианид колдонулган ыкма «экологияга минималдуу зыян келтирүүчү жаңы ыкма» деп саналганына карабастан, аны кооптуу деп эсептейт.

«Цианиддин калдыктары көп жылга чейин өзүнүн уулуу касиеттерин сактап турат. Кыртышка сиңип, ал аркылуу агын сууларга кошулуп талааларга жайылып кетишине толук шарт бар. [Компания туюккаптын астына] чел кабык төшөгөнү менен, убакыт өткөндөн кийин [төшөлгөн чел кабык] касиетин жоготуп, цианид чөйрөгө таркап кетиши мүмкүн. [...] Чаткал жана Ала-Бука региондорунда иликтөө жасаганыбызда эң биринчиден жер кыртышына жана сууларга зыянын тийип жатканын байкадык. Демек жергиликтүү эл нааразы болгону туура эле», — дейт Аккулов.

Эксперт компанияга өндүрүүдө цианид колдонууга уруксат берилсе, жакын жерде жайгашкан өсүмдүктөр жоголуп, тоо экосистемасы жер көчкүдөн улам туш тарапка таркап, жер чөлгө айланып кетиши мүмкүн деп кооптонот.

«Коркутуубу» же профилактикалык маектешүүбү?

Активист Мырзаев чаткалдыктар 2018-жылдын июнь айында кытай компаниясынын «мыйзамсыз» иш-аракеттерине нааразычылык билдирип, митингге чыкканын да эске салды. Митингчилер экологиялык зыянды текшерүүнү жана элге компенсация төлөп берүүнү, зыяндуу заттарды колдонууга тыюу салууну, калдыктарды башка жакка чыгарууну талап кылышкан.

Натыйжада митингге катышкандардын 18и кармалып, компания ишмердүүлүгүн убактылуу токтоткон.

Активисттин айтымында, укук коргоо органдары былтыр кармалган митингчилер кытай компаниясынын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жаратканды токтотпосо, аларды кылмыш иштерин кайрадан козгоо менен коркутуп жатышат.

Бирок Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев активисттин сөздөрүн төгүндөдү. Басма сөз катчысы активисттер укук коргоо органдарынын аракеттерин туура эмес түшүнүп алышканын айтууда.

«Укук коргоо органдары жергиликтүү тургундардын арасында массалык башаламандыкка жол берилбеши тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Былтыры кармалган митингчилерге сот айыппул салган, эч кандай кайра [кылмыш] ишин козгоо тууралуу сөз болгон жок — бул [кылмыш] иш сот тарабынан жабылган. Эгерде алар [былтыркы митингдин катышуучулары] жаңыдан башаламандык баштаса, алардын былтыркы кармоосу да эске алынып калышы мүмкүн деп түшүнсө керек», — деди Жээнтаев.

Жергиликтүү бийлик эч нерсени билбегендей

Ала-Бука районунун акими Эмил Абдыкадыров кенташты «тазалоо жаңы ыкмасы» тууралуу маалыматы жоктугун жана компаниянын адистеринен тактап алышыбызды суранды. Ошол эле маалда жергиликтүү бийлик компаниялардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөп жүргөнүн кошумчалады.

Чаткал, Ала-Бука жана Аксы райондору боюнча экотехинспекциянын башчысы Эрмек Төлөбаев, жогоруда көрсөтүлгөн тасма боюнча жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен биргеликте «Фулл Голд Майнинг» компаниясынын ишине кезексиз текшерүү жүргүзүлгөнүн маалымдады.

«Биз Иштамберди кенин текшердик, бир топ бузууларды аныктадык, айрыкча уулуу реагенттерди туура эмес сактоо фактысы боюнча. Уулуу заттар контейнерде сакталбаш керек да — аларга [“Фулл Голд Майнинг”] милдеттүү түрдө сактоочу кампа куруу корутундусун бердик. Жалпысынан 100 миңден ашуун сом айыппул салдык — компания бир айдын ичинде төлөшү керек, азырынча убакыты бар. [...] Менин балдарымын [экотехинспекция кызматкерлеринин] отчётунда “натрий цианид” тууралуу сөз жок эле, ал жакта “күкүрт” [башкача айканда “сера оксиди”] болгон — аны кургатылган жемиштерди өндүрүүдө дагы колдонушат», — деди Төлөбаев.

Ал эми цианид аркылуу өндүрүү ыкма тууралуу экотехинспекция башчысы маалыматы жоктугун айтты.

«Клооптун» журналистинин «Фулл Голд Майнинг» компаниясынын өкүлүдөрүнөн комментарий алууга жасаган аракетинен майнап чыккан жок.

Иштамбердиде канча тонна алтын бар?

Сүрөт: 24.kg

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин сайтындагы маалыматка ылайык, «Фулл Голд Майнинг» компаниясы Иштамберди кенинин 800 гектар жеринде 2007-жылы чалгындоо иштерин баштаган. Бир жыл өтүп кендин үстүнкү жагынан 137,3 гектар жерди, кийинчерээк 2011-жылы кошумча 157 гектар тилкени өндүрүп баштаган.

Мекеменин басма сөз кызматы Иштамберди кенинде 25 тоннага чукул алтын бардыгын маалымдады.

Башка коомдук активист Уланбек Абдыкеримов мындан мурун «Азаттыкка» Иштамберди кенинде 80 тоннага чукул алтын бардыгын айткан — акчага которгондо бул 4 миллиард доллардан ашуун болот. Бирок алтын кени кытайлык компанияга 25-30 миллион долларга «берилген».

«Мурдагы президент Бакиевдин маалында Максим Бакиев кытайлык компания менен жең ичинен сүйлөшүп, мурдагы геологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча архивди жок кылып, “кенде 29 тонна гана алтын кору бар” деген тыянак менен макулдашуу бекитилип калган. Бул жерде элүү тоннага жакын алтын запасы эмне себептен жашырылып, көрсөтүлбөй калганын кийинки келген бийлик да иликтегиси келген эмес. “Жолду куруп бүтүрдү” деген шылтоо менен 2011-жылы анын лицензиясы узартылды. Анан 2017-жылы дагы узартканда бул маселе эске алынган эмес. Эмненин негизинде лицензиясын узартышты? Мамлекетке кандай пайдасы бар экени так аныкталбай кала берди», — деген Абдыкеримов.

«Фулл Голд Майнинг» ЖЧК, ошол кездеги Транспорт жана коммуникация министрлиги жана Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги менен 2008-жылы 16-январь күнү кызматташуу боюнча келишим түзгөн. Келишимге ылайык кытай компаниясы 2008-жылдан 2011-жылга чейин Ош-Сарыташ-Иркештам жол тилкесинин 190чу километрининен 240-километрине чейин калыбына келтирүүгө милдеттенген. Анын ордуна «Фулл Голд Майнинг» чалгындоо үчүн Иштамберди кенин алган.

2018-жылдын январь айында «Фулл Голд Майнинг» компаниясынын вице-президенти Чи Шуань Тань билдиргендей, компания 400 кызматкерди жумуштан бошоткон, анткени ал банкрот болуп калуу коркунучунда турган. Вице-президенттин айтымында, «Фулл Голд Майнинг» Иштамберди кенин өндүрүү үчүн 200 миллион долларга чукул акча короткон, бирок ал каражаттар актала элек. Жумуш башталгандан бери жумушчулардын маяналарын төлөгөнгө 958 миллион сом кеткен.

Чырды «Фулл Голд Майнинг» компания жана Тоо-металлургиялык профсоюздун борбордук комитетинин ортосунда жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр аркылуу чечип, компаниянын кызматкерлери 2018-жылдын 15-январында кайра ишке чыгышкан.

Окшош темалар:

Чаткал району: Тургундар Чаткал дайрасын булгап жаткан алтын казуучу компаниясына нааразы болушууда

Эмне үчүн Казармандын тургундары алтын өндүрүүчү фабрикага каршы чыгышууда?

Солтон-Сарыдагы жек көрүү жана коркунуч. Кытайдан бизге, бизден Кытайга эмне керек?

Кадамжайлыктар Шамбесай алтын кенинин иштетилүүсүнө эмне үчүн каршы?