ӨКМ: Сузакта селден улам 35 үй-бүлө эвакуацияланды

5-майга караган түнү нөшөрлөгөн жамгырдан кийин Сузактын бир катар айылдарын сел каптап, Миң-Өрүк жана Кара-Жыгач айылдарынан 35 үй-бүлө коопсуз аймакка эвакуацияланды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.

ӨКМден Атабеков, Барпы айыл аймактарында, Кара-Жыгач, Кызыл-Багыш, Түркабад Жаңы-Айыл, Комсомол жана Миң-Өрүк айылдарында турак үйлөрдү суу каптаганын билдиришти.

Андан сырткары, Б. Осмонов айылынын Муратали көчөсүндө 20, Авазбеков көчөсүндө 18 турак үйдүн ичне суу кирип, тургундар өз алдынча коопсуз жерге көчүп кеткени айтылды. Ал эми Миң-Өрүк айылында 1 турак үй толугу менен урап түштү.

Ведомство учурда сел каптаган аймактарда өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар тарабынан кырдаалды жоюу үчүн иш-аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалады.

Сел каптоо

Буга чейин, 3-майда катуу жааган жамгырдан улам Алай жана Кара-Кулжа райондорунда сел жүргөн. Катуу келген сел аталган аймактардагы көпүрөлөрдү агызып кеткен. Үйлөрдүн короолорун суу каптап, электр мамылары жарактан чыккан.

ӨКМ андагы селдин кесепетинен жабыркаган 68 тургун медициналык текшерүүдөн өтүп, үчөө ооруканага жаткырылганын маалымдаган.

Ошондой эле, район боюнча 216 турак үйдүн короосуна суу кирип, 32 үйдүн жертөлөсүн каптаган. Аны менен катар, 15 кой, сегиз уй, үч жылкы жоголгон.

Ал эми Кара-Кулжа районунда Буйга айылынын Беш-Кемпир чегинде кокту-колоттордон түшкөн сел унаа көпүрөнү толугу менен алып кеткен. Селдин кесепетинен жабыркагандар болгон эмес.