Алай жана Кара-Кулжа райондорунда селден көпүрөлөр бузулуп, үч бодо мал агып кетти

Ош облустук милициясы 3-майда катуу жааган жамгырдан улам сел жүргөн Алай жана Кара-Кулжа райондорунда коопсуздук чараларын көрүп жатат. Ал эми жеринде ӨКМдин жана жергиликтүү жол тейлөө мекемесинин атайын техникасы жана жумушчулары иштеп жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБнин басма сөз кызматы маалымдады.

Ушул тапта укук коргоо органдын кызматкерлери жергиликтүү тургундардын жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, унаа тыгындарынын алдын алуу максатында иш алып барып жатканы айтылды.

Кечээ нөшөрлөгөн жамгырдан кийин сел жүрүп, Алай жана Кара-Кулжа райондорунда көпүрөлөрдү агызып кеткен. Үйлөрдүн короосун суу каптап, электр мамылары жарактан чыккан.

Корул дарыясынан келген сел Биринчи-Май айылындагы унаа өтүүчү көпүрөнүн жарымын алып кеткен. Учурда Корул айыл аймагын Биринчи-Май, Тогуз-Булак, Олжоке жана Кең-Жылга айылдары менен туташтырган каттам үзүлдү.

Тогуз-Булак айылында жылгадан түшкөн селден эки электр мамысы жарактан чыгып, 7-8 үйдүн короосун суу каптаган. Аны менен катар, жайыттан 3 баш бодо малды агызып кеткен. Учурда бодо малдын ээси такталууда.

Ал эми Кара-Кулжа районунда Буйга айылынын Беш-Кемпир чегинде кокту-колоттордон түшкөн сел унаа көпүрөнү толугу менен алып кеткен. Селдин кесепетинен жабыркагандар болгон эмес.

Ош ОИИБ жергиликтүү тургундардын турак жайлары жана мамлекеттик имараттары зыянга учурагандыгы боюнча тактоо иштери жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Сел каптоо

Апрелдин аягы, май айынын алгачкы күндөрү Кыргызстандын айрым аймактарында катуу жааган жамгырдан улам сел каптоо учурлары катталууда.

Буга чейин 1-майда Кара-Суу районуна караштуу Катта-Талдык айыл өкмөтүндөгү Ачы айылында каналдагы суу ташып, турак үйлөрдүн короосун каптап кеткен. Айылдагы Южный каналындагы суу үйлөрдүн короосунан сырткары унаа жолду каптаган. Бирок турак үйлөрдүн өзүнө коркунуч жаралган эмес.

25-апрелде катуу жааган жамгырдан кийинки селден улам Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолдору жабылган. Сел суулары Алай районунун Корул айыл өкмөтүнүн Тогуз-Булак жана Биринчи Май айылындарындагы турак үйлөрдүн короосун, ички-чарбалык жолду каптаган. Андан соң Алай районун облус борбору менен байланыштырган негизги жол жабылып калган.