ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков 30-апрелде азык-түлүк жана биринчи керектелүүчү каражаттардын кымбатташы боюнча «жалган маалыматтарды» таркатуу үчүн жарандарды жоопкерчиликке тартууну тапшырган. Ал муну кеңири иш-чараларды алып барып, элге «кабатыр болууга эч кандай негиз жоктугун», ал эми «өлкө экономикалык кырдаалдын бардык сыноосуна даяр» экендигин түшүндүрүү зарыл деп негиздеген. Ошол эле кезде Ниязбеков азык-түлүктүн баасы өсүп жатканы тууралуу маалыматтын жалгандыгын ким жана кантип аныктап чечим чыгарарын айткан эмес.

«Клооптун» журналисттери биринчи керектөөдөгү азык-түлүктүн баалары тууралуу расмий маалыматтарды талдап, алардын баасы чындап эле кыйла өскөн деген жыйынтыкка келишти.

Алгач буга COVID-19 пандемиясы жана мамлекеттердин чек аралары жабылганы, андан кийин Украинадагы согуш таасир эткен. 

Калаанын супермаркеттеринин бириндеги бир килограмм уй этинин баасы. Сүрөт: Жоомарт Дуулатов / «Клооп»

Биз кыргызстандыктар күнүмдүк керектеген азык-түлүктөрдү тандап алып, Улуттук статистика комитетинин бааларга мониторингин* талдадык. Биздин талдоо көрсөткөндөй, бул продукциялардын баасы 2019-жылдын апрелинин аягынан бери орто эсеп менен бир жарым эсе кымбаттаган.

*Улуттук статистика комитети күн сайын бааларга мониторинг жүргүзүп, негизги азык-түлүктөрдүн орточо алганда өлкө боюнча да, айрым региондор боюнча да чекене баалары тууралуу маалыматтарды жарыялап турат.

Көбүнесе суу майдын жана кумшекердин баасы эки эсе өскөн. Эгер 2019-жылдын апрелинде бир литр суу май өлкө боюнча орточо 94 сом турса, 2022-жылдын апрелинин аягында орто баасы 194 сомго чыккан. Үч жыл мурда кумшекер 47 сомдон сатылчу, ал эми быйыл апрелдин аягында баасы 80 сомдон ашкан.

Ундун баасы бир жарым эседен ашык өскөн. 2019-жылдын апрелинде бир килограмм ун сортуна жараша 30 сомдон 37 сомго чейин турса, быйыл 50 сомдон өйдө турат. Баалардын күнүмдүк талдоосу көрсөткөндөй, алардын дагы баасы 2022-жылдын март айынын ортосунда кескин өскөн, бул Орусия Кыргызстанга буудайды экспорттоого чектөө киргизген мезгилге туш келет.

Жалпы алып караганда, баарынан да эттин баасы өскөн — бир килограмм уй эти орточо 160 сомго, ал эми кой эти — 185 сомго кымбаттаган. Бүгүнкү күндө уйдун же койдун бир киллограмм эти 500 сомдун тегерегинде турат.

Он даана жумуртканын орто баасы 70 сомдон 102 сомго өскөн.

Бөлкө жана тандыр нандын баасы азырынча анчейин кымбаттаган жок. 2019-жылы тандыр нан орточо 20 сомдон сатылса, бүгүнкү күндө ал 25 сом турат. Бөлкөнүн орто баасы дагы болжолдуу ушул эле калыпта турат.

Жалпы айтканда, биздин талдоо баалар дээрлик ай сайын, падемия башталгандан бери өсүп жатканын көрсөтүп турат, ошондуктан элдин «кабатыр болууга негизи» бар. 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча азык-түлүк продукцияларынын жана суусундуктун бааларынын өсүшү дээрлик 18%ды, ал эми 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча — 13%ды түзгөн.

Бирок ал арада калктын кирешеси алда канча жай өсүп жатат. 2020-жылдын декабрында орточо айлык маяна 13,5%га, ал эми 2021-жылдын декабрында 9,7%га өскөн. Демек, кыргызстандыктардын маянасы азык-үлүктү көп алууга жетпей баратат.

Борбор калаадагы супермаркеттердин бириндеги жумуртканын баасы. Сүрөт: Жоомарт Дуулатов / «Клооп»

Азык-түлүктүн баасы эмне үчүн кымбаттады?

«Азаттык» Кыргызстанда баалар 2020-жылы COVID-19 пандемиясы башталган учурдан тартып өсө баштаганын белгилейт. Анда мамлекеттердин көбү чек араларын жапкан, бул жүргүнчүлөрдү эле эмес, жүк ташуулардын дагы токтошуна алып келген. Кыргызстан импорттон көз каранды өлкө болгондуктан, жеткирүүлөр азайгандыктан азык-түлүктүн тартыштыгы жаралган. Бул базар бааларынын өсүшүнө алып келген.

Мындан тышкары, азык-түлүктүн баасы суроо-талап көбөйгөндүктөн дагы кымбаттаган.

«Кризис болуп жаткандыктан, башка кирешелери дээрлик токтоп калгандан улам ал эң керектүү гана азыктарын алганга өттү. Кафе-ресторанга, киного барганды, транспортту азайтат, кымбат кийимдерди албай турат. Бирок каатчылыкта анын баарын токтотот да, болгону тамак-ашка гана акча жумшап турат. Кымбат нерселердин ордун арзаныраак, негизги азыктар, картөшкө, пияз, кумшекер сыяктуу нерселер менен толуктап турат. Аны да жылда алгандан көбүрөөк ала баштайт. Натыйжада куду ушул товарларга суроо-талап көбөйөт да, алардын баасы өсүп кетет», — деп түшүндүргөн «Азаттыкка» экономист Сейдалы Мырзакматов.

Бааларга сом арзандап, доллардын куну өскөнү да таасир эткен. 2020-жылдын 1-январына карата доллардын расмий курсу 69,5 сомду түзсө, ошол эле жылдын апрель айында 84 сомго жеткен.

Кыргызстандын экономикасына Орусиянын Украинага кол салуусу дагы олуттуу сокку болду. Орусияга каршы салынган ири сандагы санкциялардан улам рублдин куну кескин түшүп, өлкөдө иштеген көптөгөн батыш компаниялары ишин токтотушкан. Бул Орусияда азык-түлүктүн, техниканын, кийим-кече жана бут кийимдердин баасынын кымбатташына алып келди.

Орусия Кыргызстандын башкы соода өнөктөштөрүнүн бири. Улуттук банктын маалыматына таянсак, өлкөгө кирген товардын үчтөн бири Орусиядан импорттолот.

Орусиядан Кыргызстанга ири көлөмдө мунай заттары, дан азыктары, ун, эт, малдан алынган продукциялар, темир, курулуш материалдары жана башка адамдар күнүмдүк колдонгон товарлар кирет.

Эксперттердин пикиринде, бул инфляцияга алып келген жана Кыргызстанда жакын арада баалардын өсүшү токтобойт.

«Бизге гречка, кумшекер жана бардык негизги азык-түлүктөр Орусия менен Беларустан келет. Аларда бул азык-түлүккө болгон баалар 38% чейин көтөрүлүп жатат. Бул ооздугу жок инфляция. Бензиндин баасы буга чейин көтөрүлүп кеткен. Айталы, АИ-92 үлгүсүнүн бир литри дээрлик 62 сомдон сатылууда. Ушундан кийин азык-түлүктүн баасы көтөрүлөт», — деп билдирген «Азаттыкка» курган маегинде экономист Азамат Аттокуров.

Баалар кымбаттап жаткан шартта президент Садыр Жапаров кыргызстандыктардан «чыгымдарды кайра карап чыгып, кымбат буюм сатып алууну кийинкиге жылдырып, той-топурду азайтып, каражатты ысырап кылбоону» суранган.

Материалды Савия Хасанова жана Мундузбек Калыков даярдады