Орусия ЕАЭБ өлкөлөрүнө дан өсүмдүктөрүн жана кумшекерди экспорттоого тыюу салды

Орусиянын экономика жана өнүктүрүү министрлиги ЕАЭБ өлкөлөрүнө дан өсүмдүктөрүн жана кумшекерди экспорттоого тыюу салды. Бул тууралуу ТАСС басылмасы ведомствонун басма сөз кызматына таянып жазды.

Министрликтин маалыматына ылайык, чектөө 2022-жылдын 31-августуна чейин киргизилди. Ведомстводон чечим өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана ички рынокту коргоо максатындан кабыл алынганын түшүндүрүштү.

Ведомстводон ЕАЭБ өлкөлөрүнө кумшекерди орус Айыл чарба министрлигинин уруксаты менен гана экспорттоого болорун кошумчалашты.

Кыргызстандын Айыл-чарба министрлиги «Клооптун» журналистине Орусиянын экспортко тыюу салуусу боюнча комментарий кийинчерээк бериле турганын айтышты.