Чүйдө жүк ташыган айдоочуларга кол көтөрүп, коркуткан деген шек менен үч киши кармалды

Сокулук районунда жүк ташуучу унаанын айдоочуларын эсебиңди табам деп коркутуп, ошондой эле денесине залакат келтирген деген шек менен үч киши кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 6-майда Сокулук районуна караштуу Моловодное айылындагы салмак-габариттик көзөмөл пунктунда белгисиз киши оор жүк ташуучу унаанын айдоочусун токмоктогон видео тараган. Видеодогу киши башка айдоочуларга да кайрылып, эгер жүк ташуунун акысын арзандата турган болсо алардын да эсебин табарын айткан.

Чүй ОИИБден укук коргоо органдарынын кызматкерлери видеодогу үч кишини кармап, Сокулук РИИБдин тергөө бөлүмүнө жеткиргенин билдиришти.

Облустук милициядан окуянын чоо-жайы такталып жатканын кошумчалашты. Жаңжалдардын алдын алуу үчүн жүк ташыган айдоочулар менен профилактикалык иштер жүргүзүлүп жатат.