Эми Кыргызстанда автоунаанын айнегин мыйзамсыз караңгылаткан жеке жактар 22 миң сом, юридикалык жактар 40 миң сом төлөйт. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын Кайгуул кызматынан маалымдашты.
Кайгуул кызматынан буга чейин айыптын өлчөмү 5500 сом болгонун белгилешти.
«Буга чейин эреже бузууларды жеринде чечүүгө болчу, мындан ары автоунаа айып короого киргизилет», — дешти мекемеден.
Минкаб автоунаалардын алдыңкы айнектерин караңгылатууга уруксат берген мыйзам долбоорун 2022-жылдын февралында демилгелеген. Парламент 17-мартта долборду үчүнчү окууда кабыл алган, ал эми президент 15-апрелде кол койгон.
Экономика министри Данияр Амангелдиев документ коррупциялык тобокелдиктерди жоюу үчүн керек деп айткан. Бирок буга чейин Кыргызстанда унаанын алдыңкы айнектерин караңгылатууга тыюу салынганына карабастан көпчүлүк караңгылатып эле айдап жүрчү.
Мыйзамга өзгөртүүлөрдү кабыл алуу алдында депутаттар алдыңкы каптал айнектерди караңгылатуу жолдордо кырсыктардын санын көбөйтүүгө алып келет деп айтышкан. Мисалы, парламенттик комитеттин жыйынында депутат Искендер Матраимов буга каршы чыгып, унааларынын алдыңкы айнектерин караңгылатууну тажрыйбасы жок жаштар пайдаланат деген.
Бийлик болсо бул маселеге жооп бере алган эмес. ЖКККББнын башчысы Азамат Исраиловдун айтымында, караңгылатылган айнектердин кырсыктарга таасири боюнча дүйнөдө да, Кыргызстанда да олуттуу изилдөө жүргүзүлгөн эмес.
«Караңгылатуу жол кырсыктарына канчалык таасир этээрин эч ким айта албайт», — деп айткан Исраилов парламенттин 9-февралдагы жыйынында.