Садыр Жапаров унаанын алдыңкы эшиктеринин айнектерин акы төлөп караңгылатуу мыйзамына кол койду

Президент Садыр Жапаров унааларынын алдыңкы эшиктеринин айнектерин караңгылатууга жөнүндөгү мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Айтылгандай, мыйзамдын максаты — автоунаа ээлерине транспорт каражатынын алдыңкы эшиктеринин айнектерин караңгылатууга мыйзамдуу түрдө уруксат алуу мүмкүнчүлүгүн берүү жана кылмыштуулуктун санын азайтуу.

Мыйзамга ылайык, эгер айдоочу автоунаасынын алдыңкы эшиктеринин айнектерин уруксаты жок караңгылатып алса ага айып салынат: жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч (20 миң сом), юридикалык жактарга 400 эсептик көрсөткүч (40 миң сом). Алымдын өлчөмүн жана төлөө тартибин минкаб аныктайт.

«Дүйнөлүк практиканын анализи көрсөткөндөй, унаалардын терезелерин караңгылатуу дүйнөнүн жогорку өнүккөн өлкөлөрүндө колдонулат. Мисалы, АКШ, Жапония, Кытай жана башка ушул сыяктуу өлкөлөр. Ошондой эле, транспорт каражаттарынын алдыңкы айнектерин күңүрттөөгө акы төлөө негизинде бизге жакын кошуна Өзбекстан жана Тажикистан өлкөлөрүндө да уруксат берилген», — деп айтылат ведомствонун маалыматында.

Кыргызстанда унаанын алдыңкы эшиктеринин айнектерин караңгылатуу

Автоунаалардын алдыңкы эшиктеринин айнектерин караңгылатууга уруксат берген мыйзам долбоорун минкаб 2022-жылдын февралында демилгелеген.

Экономика министрлигинин башчысы Данияр Амангелдиев документ коррупциялык тобокелдиктерди жоюу үчүн керек деп айткан. Бирок буга чейин Кыргызстанда унаанын алдыңкы айнектерин караңгылатууга тыюу салынганына карабастан көпчүлүк караңгылатып эле айдап жүрчү.

ИИМдин маалыматына ылайык, инспекторлор унаанын айнегин мыйзамсыз караңгылатуу үчүн жылына 3000 протокол түзүшөт. Учурда бул үчүн 5,5 миң сом айып пул салынат. Амангелдиев мыйзам долбоорунун Республикалык бюджетти толтуруу максаты жоктугун, бирок унааны караңгылатууга уруксат берүүдөн түшкөн акча казынага түшөрүн белгилеген.

Жогорку Кеңештин депутаттары караңгылатууга уруксат берүү боюнча «Жол кыймылы жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү үч окууда жактырышкан.

Мыйзамга өзгөртүүлөрдү кабыл алуу алдында депутаттар караңгылатуунун зарылдыгы жана анын кесепеттери тууралуу кызуу талкуу кылышкан. Мисалы, комитеттин 15-марттагы жыйынында депутат Искендер Матраимов буга каршы чыгып, унааларынын алдыңкы эшиктеринин айнектерин караңгылатууда унаа айдоодо тажрыйбасы жок жаштар пайдаланат деген. Ал эми депутат Жанар Акаев унаанын айнектерин колунда бар жарандар менен «көпкөн жаш балдар» караңгылатат деп айткан. Бирок бул аргументтерге карабастан, мыйзам долбоорун 50 депутат колдогон.

Мыйзам долбооруна ылайык, жеңил унаалардын ээлерине айнектерди караңгылатууга уруксат бир жылга берилет. Уруксаттын баасы каралууда. Ошол эле учурда, экономика министри Данияр Амангелдиевдин айтымында, уруксаттын баасы болжолдуу 50 миң сомду түзүшү мүмкүн.