Ошто 9-май Жеңиш күнүндө Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын элесине арналган «Өлбөс полк» жүрүшү болуп өттү. Мэриянын маалыматында жеңиштин 77 жылдыгына арналган жүрүшкө жалпы 4 миңдей адам келген.

Жүрүш Ош улуттук драма театрынан баштап, борбордук аянттагы «Өчпөc от» мемориалдык комплексине чейин уланды. Ага согуштун катышуучулары, тылда эмгектенгендер жана шаар тургундары катышты.

Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун 4 ардагери жана 6 тыл эмгекчиси жашайт.

Бишкекте да Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын элесине арналган «Өлбөс полк» жүрүшү өттү. Ага жалпы 3 миңден ашуун адам катышты.

Президент Садыр Жапаров 9-майда Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 77 жылдыгына арналган митинг-реквиемге катышып, ардагерлерди жана оорукта кызмат өтөгөндөрдү куттуктады.


2020-жылдан пандемия башталгандан тартып өлкөдө Жеңиш күнүнө арналган «Өлбөс полк» жана башка майрамдык иш-чаралар болгон эмес. Ошондой эле быйыл өлкөдө 9-майда Жеңиш күнүнө арналган парад өткөн жок.

Сүрөттөрдүн автору: Тойчубек Боронбаев/Kloop